Алибек ажы Жусупов Төө-Моюн айыл өкмөтүндөгү имамдарга каттоодон өтпөгөн мечиттер боюнча жыйын өтүп, имамдарга тапшырмалар берилди

Ош облусунун Араван районуна караштуу алыскы Төө-Моюн айыл өкмөтүндөгү имамдарга жыйын өтүп, анда  КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү» жөнүндөгү Жарлыгын аткаруу, Муфтият жана казыяттан келген тапшырмаларды өз убагында  аткаруу, Рамазан айын жакшы өткөрүү, эң негизгиси каттоодон өтө элек айрым мечиттерди каттоону тездетүү маселеси каралды.

«Төө-Моюнда айрым мечиттер бүгүнкү күнгө чейин эсептик каттоодон өтө элек. «Менин мечитим эмес»,- деп таштап койбой, өз аймактарыңыздардагы  мечиттерди документтештирүүгө жардам бериңиздер. «Элден айланса болот»,- дейт.Тыйын жагынан кыйынчылык болсо, элибиз да жөн карап турбайт. Болгону маселени туура жеткире билүү жана уюштуруу гана керек», – деп билдирди казынын орун басары Алибек ажы Жусупов.

Жолугушуунун экинчи бөлүгүндө садака-фитир жана зекет боюнча маалыматтар берилип, фатвалар тааныштырылды.