Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков облус аймагындагы хатибияттардын ишмердүүлүгүн текшерип, жергиликтүү тургандар менен жолугушууда

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын  казысы Нематулла ажы Жээнбеков казыяттын эмгек жамааты менен биргеликте Сузак райондук хатибиятынын ишмердүүлүгүн текшерип,  мечиттерди зыярат кылышты.

Муну менен катар облус казысы жергиликтүү тургандар менен жолугушуп, ыйык Рамазан айынын артыкчылыктары, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынан чыккан буйрук, фатвалар менен тааныштырды.

«Ыйык айда өлкөбүз үчүн дуба кылып, Жараткандан жакшылыктарды тилейли! Куран окуп, жүрөгүбүздү нурлайлы. Ысырапкорчулукка жол бербей, берешендүүлүктү үлгү тутуп, муктаждарды карайлы. Балдарыбызды ыймандын суусу менен сугарып, адеп-ахлагына көңүл буралы»,-деди облус казысы.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын  казысы Нематулла ажы Жээнбеков буга чейин Базар-Коргон жана Жалал-Абад шаардык хатибияттарын текшерген.