Ош шаарындагы аз камсыз 20 үй-бүлөгө Рамазан баштыктары таратылды

Ош шаарынын мусулмандарынын казыятына караштуу Ош эл аралык аэропортунда жайгашкан «Абу Бакир Сыдык» мечитинде аз камсыз болгон 20 үй-бүлөгө Рамазан  баштыктары таратылды. Мечиттин имамы демилгелеген саамалыкка чет жердеги мекендештер жана жергиликтүү тургундар демөөрчүлүк кылышкан. 

«Улуу Рамазан айынын урматына өз мекендештерине майрамдык маанай тартуулайын деген алыскы АКШда жашаган бир тууганыбыздан Алла Таала ыраазы болсун. Муну менен катар кайрымдуулук ишине жергиликтүү ишкерлер да өз салымын кошушкан», – деди Хадис Нурматов.