Араван районундагы имамдарга жыйын өтүп, MegaPay тиркемеси боюнча маалымат берилди

Ош облусунун Араван районундагы мечит имамдарына жыйын өтүп, анда президенттин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү» жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу, каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада каттоо, Рамазан айын жогорку деңгээлде өткөрүү, Муфтият жана казыяттын буйрук, тапшырмаларын өз убагында аткаруу  маселелери талкууланды.

«Кирип келген ыйык Рамазан айы Куран, такыбаачылык жана берешендиктин айы. Ошондуктан мүмкүн болушунча ибадатка бекем бололу. Ушул ай баарыбызды жакшы жакка өзгөрткөн болсун», – деп билдирди Максат кары Сидиков.

Чогулуштун акырында MegaPay тиркемеси аркылуу фитир-садага жана зекетти кантип төлөө керектиги боюнча консультация берилди.