Талас облусунун казыяты «Исламда аялзатынын орду», «Рамазан айынын ыйыктыгы жана баалуулугу» темасында семинар өткөрдү

Талас облусунун мусулмандарынын казыяты Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде айымдар үчүн «Исламда аялзатынын орду», «Рамазан айынын ыйыктыгы жана баалуулугу» темасында семинар өткөрдү.

Иш-чарага облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев, «Асхаабу Суффа» аялдар борборунун жетекчиси Максуда Жусупова жана Гүлназ Жусупова,  «Датка айымдар» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Венера Калыбаева катышты.  

Иш-чаранын алкагында облус казысы жалпы катышуучуларды ыйык Рамазан айы менен куттуктап, семинардын маанилүүлүгүнө токтолду.

«Турмушка чыга элек кыздар ата-энесине кызматчы болот. Ал экөөнүн айткандарын аткарып, ыраазы кылып, дубасын алат. Себеби, Алла Таала  Куранда Өзүнө ыйман келтирүүдөн кийин эле, ата-энеге жакшылык кылууга өкүм кылган. Ата-эне ыраазы Алла Таала ыраазы.  Аял ата-энесине кандай жакшы мамиле кылса, эртең ошондой мамиле кыла турган перзенттүү болот. Ата-бабаларыбыз бекеринен «Бул дүйнө кайтар дүйнө» деп бекеринен айтышпагандыр. Аял турмушка чыкканга чейин атасына, турмуштан кийин күйөөсүнө күнөө эмес болгон иштерде баш ийүүсү милдет»,-деди облус казысы.

Андан соң Сулумбек ажы Узеналиев ислам дининин асыл баалуулуктарын элибизге жеткирип жаткан айымдарды ыраазычылык баракчасы менен сыйлап, алкыш айтты.

Ал эми «Асхаабу Суффа» аялдар  борборунун жетекчиси Жусупова Максуда аялзатынын диндеги орду боюнча баяндама жасап, өзгөчө ниетти оңдоо керектигин баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда «Датка айымдар» кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен айымдарга жоолуктар  белекке берилди.