Эрик Молдокулов: “Илимдүү, ыймандуу, адеп-ахлактуу бала эч качан ата-энесин жер каратпайт”

«Ислам – тынчтыктын жана ынтымактын жарчысы» үгүт-насаат кербенинин алкагында экстремизм жана терроризмге каршы туруу максатында Ат-Башы районундагы Ак-Жар, Кара-Суу, Дыйкан  айылдарындагы орто мектептерде ата-энелерге жана окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Түзүлгөн үгүт бригадасына Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Болот Абдыжапаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн ага-методисти Саадат Сыдыкова, Ат-Башы районунун баш имам-хатиби Абдулла Тахиров жана укук коргоо органдары катышты.

Иш-чарананын жүрүшүндө коомчулукка жана өспүрүмдөргө ислам дини тазалыктын, аруулуктун жана мээрмандыктын дини экендиги айтылды. Жолугушууларда үгүт бригадасына түрдүү суроолор берилип, тиешелүү кызматкерлер өз багыты боюнча жооп беришти. Мындан тышкары келген ата-энелерге Нарын казыяты тарабынан даярдалган видео тасмалар көргөзүлүп, облус казысы тарабынан насааттар айтылды.

“Бул дүйнөдө баарыбыз бала деп жашайбыз. “Баланын жакшысы – ата-эненин бактысы” дейт. Чынында баарыбыз балдарыбызды эч нерседен кем болбосун деп жегенин алдына, кийгенин үстүнө алып бергенге аракет кылабыз. Анткен менен балага анча көңүл бурулбай жаткансыйт. Неге 20 миң сомго телефон алып берип, 200 сомго китеп алып бере албай жатабыз? Неге алысты жакындаткан телефон үйдөгү жакындыкты алыстатып жатат? Ошол эле учурда динден сабак алып жатам деген баладарыңыздарды көзөмөлгө алып койсоңуздар. Себеби, ал бала динди кимден үйрөнүп жатат. Сабак берген адам ким? Булактын башы тазабы? Мына ушуларга дыкат көңүл буруңуздар. Урматтуу ата-энелер! Биз балага уят, ар-намыс, адеп-ахлакты үйрөтүүдөн алыс калбайлы. Илимдүү, ыймандуу, адеп-ахлактуу бала  эч качан ата-энесин жер каратпайт, – деди облус казысы Эрик Молдокулов.