Алмазбек ажы Сагындыков баш имам-хатибдердин ишмердүүлүктү жакшыртуу боюнча маалыматын укту

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков шаар-райондук баш имам-хатибдерге жыйын өткөрүп, 2022-жылы ишмердүүлүктү жакшыртуу боюнча баш имам-хатибдерге берилген бир катар тапшырмалардын жыйынтыгын укту.  

“Мезгилдин талабына ылайык, ишмердүүлүктү жакшыртуу менен бирге, имамдардын, дааватчылардын билимин жогорулатууга, ысырапкерчиликти алдын-алуу боюнча аракеттерди активдештирүүгө, конфессиялар, этностор аралык мамилелердин бекемделишине көңүл буруп, жергиликтүү ММК менен кызматташууну жандандыруубуз зарыл”, – деди Алмазбек ажы.

Облус казысы мындан сырткары мечиттердин тазалыгы, эсептик каттоосу, кышка даярдыгы, имамдардын илим-билими, ошондой эле аткарылып жаткан кайрымдуулук иштери туурасында маалымат алды.