Уланбек ажы Курманбаев: “Мечиттер ыймандын, адеп-ахлактын очогу”

Свердлов районунун баш имам-хатиби Уланбек ажы Курманбаев райондогу жалпы имамдарга жыйын өткөрдү. Жыйында мечиттердин документтери, нике каттоо журналы, намаз убакыттары жана мечиттердин тазалыгы каралды.

 «Биз бул жыйында негизинен мечиттердин тазалыгына басым жасадык. Мечит бул – Алланын үйү, ыймандын, адеп-ахлактын очогу. Ошондуктан мечиттер ар дайым жакшы шарттары, тазалыгы менен элди өзүнө тартып турушу керек. Мечиттин бардык тазалыгына биз, имамдар жоопкер экенибизди унутпайлы», – деди райондун баш имам-хатиби.

Уланбек ажынын билдиришинче, Свердлов районунда дин кызматкерлеринин жыйыны ар ай сайын өткөрүлөт.