Бактыбек ажы Убабеков Кең-Булуң айылында Куран үйрөнүп жаткан жаш жеткинчектерден кабар алып, окуу корпусунун курулушу менен таанышты

Ысык-Ата районунун баш имам-хатиби Бактыбек ажы Убабеков Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айылына иш сапары менен барды. Иш сапарынын алкагында «Абу Ханифа» мечитинин окуу канаасына келип-кетип окуган 60 окуучуну зыярат кылды.

Райондун баш имам-хатиби окуу процессинен кабар алып, балдардын окуган жана жаттаган Курандарын угуп, жакшы деген баасын берип, сабак берип жаткан мечиттин имам-хатиби Цунбай ажы Люсановго жана мечит жамаатына өз ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң мечиттин территориясында балдар үчүн курулуп жаткан жаңы эки кабаттуу окуу корпусунун курулушу менен таанышты.