Талантбек ажы Темирбаев эсептик каттоодон өтө элек мечиттер боюнча чукул тапшырмаларды берди

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин имамдарына чукул жыйын өткөрдү.

Жыйында казынын орун басары эсептик каттоону ыкчамдатуу боюнча кайрылып, «Өзүңүздөргө маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси, Мамлекеттик каттоо мекемелери мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүүдө көмөк көрсөтөрүн билдирген. Бул мүмкүнчүлүктү колдонуу бизге милдет катары эсептелет. Кайдыгер карабастан тез аранын ичинде документ иштерин бүткөрүп алалы», – деп билдирди.