Ош облустук казыятынын кызматкерлери практиканттарга сабак өтүп, акыл-насаат жана кеп-кеңештерин айтышты

Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер бөлүмүнүн адиси Абдумалик ажы Турсунбеков ОшМУнун теология факультетинин жана коллежинин студенттерине “Сапарга чыгуунун адептери” жана “Умра сапары” боюнча ачык саат өттү. Ага  жалпы Ош облустук казыятына бөлүнгөн практиканттар катышты. Сабактын алкагында Абдумалик ажы Турсунбеков төмөнкүлөргө токтолду:   

«Теология факультетинде биз сыйлаган илимдүү окутуучулар бар. Сиздер ошондой терең билимдүү кишилердин колунда окуп жатканыңыздар суктанарлык көрүнүш жана чоң мүмкүнчүлүк. Буга чейин да теология факультетинен казыятка келип, практика өтөп кеткен улан-кыздар болгон. Сиздер да алар сыяктуу үлгүлүү студенттерден болушуңуздарга ишенем. Бүгүн сиздерге “Сапарга чыгуунун адептери жана умра сапары” боюнча кененирээк айтып өтөйүн. Умра сапарына аттанган  ар бир момун-мусулмандын билүүсү  керек болгон  амалдар бар. Умра сапары эң  алгач  эле шарият көрсөткөн чектен ихрам кийүү менен башталат. Андан соң төмөндө айтылуучу фарз, важип жана сүннөт амалдары аткарылат».

Сабактын жүрүшүндө казыяттын фатва бөлүмүнун адиси Абдулла ажы Исламов фатва маселеси боюнча кенен түшүндүрүп, учурда актуалдуу болуп жаткан факторлорго токтолду:

«Мурда фатва бөлүмүнө мурас, соода-сатык жана ушуга окшогон  маселелер  боюнча көп кайрылышчу. Азыркы күндө жарандардын  эң көп кайрылып жаткан маселеси талак болуп калды. Ошондуктан талак маселесине терең көңүл буруп, дыкат изилдеп үйрөнүшүбүз керек. Анткени ушул күндөрдө фатва боюнча, айрыкча талак маселеси боюнча адистер өтө эле аз».

Эскерте кетсек, аймактардагы казыяттарга практикага чыккан теология факультетинин жана коллежинин студенттери казыятта практика өтөөдөн сырткары​ мечиттерге жана​ медресе-институттарга (ДОЖ) бөлүштүрүлгөн.