Жайылда тилсиз жоодон жабыркаган мечит жергиликтүү жамааттын жана имамдардын күчү менен калыбына келтирилди

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Алексеевка айылындагы тилсиз жоодон жабыркаган «Мадина» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Оңдоп-түзөөгө мечиттин жамааты 100 миң сом топтосо, Жайыл районунун жалпы имамдары 152 миң сом чогултуп беришти. Топтолгон каражатка мечиттин ичи жана жылыткыч системасы жасалды.

«Буюрса мечитибиз калыбына келип калды. Эми азыр жамаатыбыздагы бир кайрымдуу инсан килемин алып бергени жатат. Жамаатыбызга, Жайыл районунун баардык имамдарына  терең ыраазычылык билдирем», – деп билдирди «Мадина» мечитинин имамы Өмүрбек Жалиев.

Белгилей кетсек, аталган мечит үстүбүздөгү жылдын август айынын орто ченинде өрттөн жабыр тарткан болчу.