Азирети Муфтий Кудей районундагы ажыларга сабак өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Мекке шаарынын Кудей районундагы мейманканаларга жайгашкан кыргызстандык ажылар менен жолугушуп, ажылык боюнча атайын сабак өттү.
Сабактын жүрүшүндө ажылык ибадатынын пазилеттери, касиети жана шарияттык талаптары айтылып, суроолорго жооп берилди.
«Жер шаарында бир гана жерде таваф кылууга уруксат берилген. Ал ыйык Каабатулла. Биз азыр дубалар кабыл боло турган жердебиз. Өзүбүз үчүн, бала-чакабыз үчүн, коомубуз үчүн, мамлекетибиз үчүн тынымсыз дуба кылалы. Мындагы күндөр дубасыз, ибадатсыз өтпөсүн», – деди Азирети Муфтий.
Ажылар менен жолугушууга Азирети Муфтийдин орун басарлары Асан ажы Сыргабаев, Жолдошбек ажы Абдылдаев, ажылык штабынын төрагасы Самидин кары Атабаев, КМДБнын төрагасы Бакыт ажы Нурдиновдор катышып, баяндамалар жасалды.