Азирети Муфтий баштаган делегация шейх доктор Абдул-Латиф Мухаммад Балту менен жолугушту

КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, муфтийдин орун басарлары Асан ажы Сыргабаев, Жолдошбек ажы Абдылдаев, 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Самидин кары Атабаевдер Мекке шаарындагы мейманканалар боюнча жооптуу жетекчилердин бири, шейх доктор Абдул-Латиф Мухаммад Балту менен жолугушту.
Жолугушууда кыргыз тарап ажыларды жогорку деңгээлде кабыл алганы жана ажыларга шарттарды түзүп бергени үчүн доктор Мухаммад Балтуга ыраазычылык билдирип, Кыргызстан мусулмандарынын ысык саламын жеткирди.