Азирети Муфтийдин катышуусунда Кудейдеги ажы башчыларга жыйын өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Мекке шаарынын Кудей районундагы ажы башчыларга жыйын өткөрдү. Жыйынга Азирети Муфтийдин орун басарлары Асан ажы Сыргабаев, Жолдошбек ажы Абдылдаев, ажылык штабынын төрагасы Самидин кары Атабаев, КМДБнын БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдиновдор катышып, ажы коштоочуларга тапшырмалар берилип, милдеттер жүктөлдү.
«Жарандарыбыз өмүрүндө бир жолу ажылыкка келет. Андыктан ажыларыбыздын ибадатын туура аткаруусуна зор көңүл буруңуздар. Ушул куттуу жерлерден тарбия алып, адеп-ахлагы жакшырып кайтуулары кажет. Сиздерде 45 кишинин жоопкерчилиги жүктөлгөн. Мына, алдыда ажылык күндөрү келе жатат. Ибадаттын эң оор, эң машакаттуу учуру жакындоодо. Алла Таалам баарыбызды колдоп, ибадаттарыбызды кабыл кылсын», – деди КМДБ жетекчиси өз сөзүндө.