Талас облусунун казысы Бишкек жана Кыргызстандын епискобу Савватий менен жолугушту

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Талас облусундагы өкүлү Темирлан Нурадиловдун катышуусунда Бишкек жана Кыргызстандын епискобу Савватий менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясына ылайык мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин субъекттеринин потенциалын чыңдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү, конфессиялар аралык өз ара ынтымакты бекемдөө, диний чыр чатактардын алдын алуу жана толеранттуулукка чакыруу боюнча маселелер козголду.

«Кыргызстанда динге ишенгендердин көпчүлүк бөлүгү эки конфессиянын өкүлдөрү болуп эсептелет. Биринчиси ахли сүннөт, ханафий мазхабын карманган Ислам динин тутунгандар. Экинчиси православ христианчылыгын тутунгандар. Кыргызстанда мамлекет менен диний уюмдардын өз  ара  байланышынын өнүгүшүн мамлекеттик жөнгө салуу тенденциясын караганда алардын ишмердүүлүгү бир канча нормативдик укуктук базалар менен бекемделген. Буга  Кыргыз  Республикасынын  1991-жылдын 16-декабрындагы  «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынышы далил.  Дин тутуу эркиндиги биринчи жолу  мыйзам  түрүндө жарыяланып жана бекемделген. Калкыбыздын 90 пайызын мусулмандар түзүп, анын ичинде ар кандай улуттун өкүлдөрү дагы жашайт. Биз, конфессиялар аралык мамилени бекемдөөдө бардык аракеттерди көрүп, барыбыз биргеликте мамлекетибиздин өнүгүүсү, тынчтыгы, биримдиги үчүн өз салымыбызды, бар күчүбүздү жумшап келебиз»,-деди  Сулумбек ажы Узеналиев.

Ал эми епископ Савватий мусулмандар менен христиандардын  ортосунда диалогдун негизинде тынчтык болуп келгенин айтып, мындан арыда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биргеликте мамлекетибиздин өнүгүүсү жана  тынчтыгы үчүн кызматташа бере тургандыгын билдирди.

Аталган жолугушууга Талас облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу,  Талас шаарындагы православ чиркөө кызматкери Дмитрий Сужванов катышты.