Ыйык Медина мечитинин имамы Шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейр Кыргызстанга келет

Программа:

Ыйык Медина мечитинин имамы Шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейр Кыргызстанга келет
Программа:
24-октябрь
13:30 – 14:00 Бишкек шаарынын башкы борбордук Имам Сарахсий мечитинде бешим намазына катышып, эл менен жолугушмакчы.
18:20 Бишкек шаарындагы Кимсанбай ажы атындагы (эски борбордук) мечитинде шам намазын окуйт.
19:50- 20:30 Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районундагы Аблиз ажы Салимов мечитинде куптан намазын окуйт.
25-октябрь
12.00 – 14.00 Бишкек шаарынын башкы борбордук имам Сарахсий мечитинде жума намазын окуйт.
19:50 – 20:30 Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы Сатук Буурахан мечитинде куптан намазын окуйт.
26-октябрь
18:20- 19:00 Бишкек шаарындагы «7 апрель шейиттер» мечитинде Куптан намазын окуйт.

ШЕЙХ САЛАХ БИН МУХАММАД АЛЬ-БУДЕЙР КИМ?

Пайгамбарыбыздын (с.а.в) мечитинин имам-хатиби
Наамы: Эки ыйык мечиттин имамы.
Ал 1970-жылы Сауд Арабиясынын Аль-Ахса провинциясындагы Аль-Хофуф шаарында төрөлгөн жана анын уруусу Бани Тамим уруусунан башталат.
1994-жылы Эр-Рияддагы Жогорку Сот институтунан Имам Мухаммад бин Сауд Ислам университетинде Шарият факультетинин салыштырмалуу фикх боюнча магистр даражасына ээ болгон. 2023-жылы Аль-Ахса шаарындагы Король Фейсал университетинин Ислам таануу бөлүмүн эң жакшы деген баа менен аяктаган жана фикх илимдеринин доктору программасы боюнча докторлук даражасына ээ болгон. Ханафий мазхабы боюнча диссертациясын жактаган.
-1992-1993-жылдары Эр-Рияд чоң сотунда төраганын жардамчысы;
-1994-жылы Махайел Асир сотунун төрагасы;
-1995-жылы Даммамдагы Жогорку соттун төрагасы:
-1996-1998-жылдары жана 1999-жылдан учурга чейин Медина шаарынын Жогорку сотунун төрагасы болуп иштеп келет.
Он жети жашынан баштап көптөгөн таравих намаздарга имамчылыкка өтүп, 1998-1999-жылдары Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мечитине имам жана үгүт-насаатчы болуп дайындалган. 2006-жылы Мекке шаарындагы Харам мечитинде таравих намазына имамдык кылууга катышкан.