Кечээ, 27-ноябрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жайгашкан «Апиза эне» атындагы ислам институтунда КМДБ Азирети Муфтийдин №452 буйругунун негизинде «Адам укугун таануу жана диний экстремизм-терроризмдин алдын алуу» аттуу жыйын болуп өттү.
Жыйынга Кара-Суу РИИБдин ЭММКАКтын жетекчиси, милициянын майору Эсен Ашимов атайын чакырылып, институттун ректору, мугалимдер жамааты жана жалпы студенттер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө милициянын майору Эсен Ашимов адам укугуна түздөн-түз тиешелүү болгон «радикализм», «экстремизм», «фундаментализм», «фанатизм», «терроризм» ж.б.у.с терминдерди ачыктап, ошондой эле экстремисттик уюмдардын атрибуттары жөнүндө маалымат берди.
Ошондой эле, КРда тыюу салынган уюмдар, алардын материалдары, максаты жана укук бузуудагы фактылар жөнүндө студенттерге кенен маалымат берүү менен биргеликте Кыргызстанда соцтармактар аркылуу таралып жаткан туура эмес маалыматтардан алыс болууга чакырып, тыюу салынган сайттар, китептер жөнүндө мисалдары менен көрсөтүп берди.
Андан соң, аталган институтунун ректору Абдирашит ажы Батыров да сөз сүйлөп, студенттерге бөлүнүп-жарылуудан алыс болууга чакырып, мечит-медреселер ынтымакты бекемдөөчү жана бириктирүүчү ролду ойношу керек экендигин айтып, жалпыга ыраазычылык билдирди.