Кыямат күн болгондо намаз окугандар даражаларына жараша топ-топ болуп бейишке кирүүлөрү буйрула тургандыгы риваяттардан белгилүү. Мына ошондо биринчи топ келет, жүздөрү жылдыз сымал жаркыраган.
Периштелер аларды тосуп алышып:
-Силер кимсиңер? – деп сурашат.
Алар:
-Биз Мухаммеддин (с.а.в.) үммөттөрүнүн арасынан намаз окугандарбыз, — деп жооп беришет.
Периштелер:
-Силер дүйнөдө эмне менен алек болчу элеңер? –деп, кайра собол узатышат
Алар болсо:
-Намаз окууга азан чакырылганда биз, дароо дааратыбызды ала баштачу элек. Башка эч нерсеге алакты болчу эмеспиз, — дешет.
Периштелер:
-Бул силердин толук акыңар экен, -деп аларды кубатташат.
Андан соң экинчи топ келет. Булардын сулуулугу мурункулардан артыгыраак, жүздөрү толгон айдын нурундай шоола чачып турат.
Периштелер аларга:
-Силер кимсиңер? – деп сурашат.
Алар:
-Биз намаз окуучуларбыз,- деген жообун айтышат.
Периштелер:
-Силердин намазыңар кандай эле? – деп суроо беришет.
Алар болсо:
-Биз намаз убактысы киргенге чейин эле даарат алып, мечитке карай жүрчүбүз. – дешет.
Периштелер аларды да:
-Бул силердин толук акыңар тура. – деп колдоого алышат.
Анын аркасынан үчүнчү топ келет. Булар сулуулук жагынан мурдагылардан алда канча жогору болот. Жүздөрү күндөй жаркып, нур төгүлүп турат.
Периштелер алардан:
-Силердин сулуулугуңар беркилерден ашып түшүп, даражаңар да бийик экен. Силер кимсиңер? – деп сурашат
Алар:
-Биз намаз окуучуларбыз. – деп жооп кайтарышат.
Периштелер:
-Силердин намаздарыңардын өзгөчөлүгү эмнеде? – деген суроолорун жаадырышат.
Алар:
-Биз азан чакырылардан мурун мечитте болуп, азанды мечиттин ичинен укчубуз. – дешет.
Буга карата дагы периштелер:
-Бул силердин таман акы, маңдай териңер экен, — деп тастыкташат.
Аалымдардан бири намаз жөнүндө мындай дептир: “Намаз – пенде менен Алла ортосундагы байланыш болгону үчүн, ал “Салаат” деп аталат. Намаз пенденин Аллага жакындоосун камсыз кылган арачы. Аллага такыба инсандар гана жакындай алышат. Алла Таала буга ишаара ирээтинде мындай деп буйурган: “Курмандыкка чалган малдардын эттери жана кандары аркылуу Аллага жакын боло албайсыңар. Ага силер такыбалыгыңар менен гана жакын боло аласыңар”.
Такыба адам – Алланы көрүп тургандай берилүү менен Ага кулчулук кылган пенде. Инсан бул абалга өзүн ылайыктай алса, ага Алланы зикир кылып, узак убакыт кыямда туруу оор болбой калат. Жамандыктан тыйылып, жакшылыктарга үгүт кылуу, ага анча деле кыйын болбой калат. Алла Таала бул маселеде, мындайча буйурган: “Намаз, инсанды жаман иштерден жана арсыздыктан сактайт”.
Алла Таалага чындап берилип, Анын жолуна өздөрүн арнаган момундар, жакшылыкты буйуруп, жамандыктан тыйышат жана Жараткан белгилеген чектен ашышпайт. Алар акырет азабынан кутулуп, бейиш менен сыйланышат. Алла Таала: “Момундарды бейиш менен сүйүнчүлө”, -деп буйруганы мунун ачык далили. Ошол эле такыба инсандар, Алланы зикир кылууда, башкалардан озгон, жана ар түрдүү кырсык, балээлерге туруштук берип эле калбастан, сабыр менен аны жеңген. Ошондой эле намаздарын да толук ишке ашырган адамдар болуп саналат. Мындай сапатка ээ болушкандар Улуу Жаратканга моюн сунуп, өздөрүн Ага багыштап, чын ыкыласы менен берилишет. Алла Таала алар тууралуу: “Аллага ыкыласын коюп моюн сунгандарга сүйүнчүлө!” –деп, аларга болгон мээрим-махабатын баян кылган.
Ибни Масуд (р.а) Раби бин Хайсамга (р.а) караган сайын, жогорудагы “Аллага ыкыласын коюп, моюн сунгандарды сүйүнчүлө!” – деген аятты окуп, андан кийин: “Аллага ант! Азирети Мухаммад сени көргөн болсо, сага өтө ыраазы болмок”, — дечү экен.
Риваяттарда келет: Раби бин Хайсам (р.а) Ибни Масуддун (р.а) үйүнө жыйырма жыл каттаган. Үзгүлтүксүз көзүн арамдан коруп, башын жерге ийип жүргөндүктөн, Ибни Масуддун (р.а) күңү (кызматчысы) аны көзү азиз деп ойлочу. Раби (р.а) эшикти такылдатканда, күң сыртка чыкчу да, анын Раби (р.а) экенин көргөн соң; Ибни Масудга:
-Жанагы көзү азиз досуңуз келди, — деп кабар берчү.
Ибни Масуд күлүп:
-Алла жакшылыгынан кур калтырбасын! Ал Раби (р.а), — деп, ага ыраазычылыгын билдирээр эле.
Раби бин Хайсамдын (р.а) дагы бир сөзү риваяттар аркылуу бизге келип жеткен. Ал мындай дейт: “Намазга окуп баштаганымда, менин намазда окугандарым менен мага Алла тарабынан айтылгандардан (жүрөгүмө илхам кылынгандардан) башка эч нерсе көңүлүмдү бурбайт”.
Амр бин Абдуллах (р.а) жан дүйнөсү менен берилип намаз окуган адамдардын бири эле. Намаз окуй баштаган маалдарда, үйүндө кызы ойноп, аялдар өз ара бийик үндөрү менен сүйлөшө беришчү. Бирок, аны бул алаксытчу эмес экен. Ал эмес сүйлөнгөн сөздөрдү укпай калганчалык деңгээлде намазга тереңдеп кирип кетчү.
Бир күнү андан:
-Намаз окуп жатканда, акылыңа бир нерсе келеби? – деп элдер сурашат,
-Ооба, Жараткандын алдында тургандыгым, бейиш жана тозоктун кайсынысына бараар экенмин деген ой акылыма келет, — деген.
Элде кайрадан:
-Биздин намаз окуп жатканда оюбузга келе бере турган дүйнө азгырыктары, сенин да оюңа келип мазаңды алабы? – деп сурашканда, “Мен үчүн денеме канжардын сайылуусу, силер намазда ойлонгон керексиз нерселерди ойлонгонго караганда, алда канча жагымдуу, — деген экен.
Муслим бин Ясар дагы илими менен амал кылган, Алланы көрүп тургандай ишеними бекем адам болчу. Намаз окуурда үй-бүлөсүнө мындай деп айтаар эле: “Каалаганыңардай сүйлөгүлө, кааласаңар сырларыңарды айткыла. Себеби, мен намаз окуй баштаганда тыштагы эч нерсеге кулак аспайм. Намаз окуп жатканда жүрөгүмдүн кай жерде болоорун силер билесиңерби?”
Айта берсек мындай окуялар эсепсиз көп. Булардын бардыгы биз үчүн өрнөк. Келгиле! Намазды Алла Тааланын буйругу түшүнүп, дүйнө жана акыреттин көйгөйлөрүн чече турган эң чоң жана эң зарыл, жалгыз гана себеп экенин түшүнөлү!
Даярдаган: Бектен Зарылбеков. Чүй казыятынын фатва бөлүмүнүн башчысы.