Бишкектин Ак-Босого конушунун имамдары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташуу жаатында пикир алышты

Бишкек шаарындагы Ак-Босого жаңы конушунун Аммар бин Ясир намазканасынын имамы Мухаммадин ажы Разыков айыл өкмөт жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, намазканалардын иштөө тарбиптерин талкуулашты. Муну менен катар коомчулукка терс диний агымдар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаштарды ыймандуулукка чакыруу маселелери каралды.

«Максатыбыз тынчтыкты, ынтымакты сактап, ар кандай терс агымдарга жол бербөө. Жыйында ар бир намазкана мечит имамдарынын көзөмөлүндө экендиги айтылып, жергиликтүү бийлик кызматкерлери менен дин кызматкерлери биргеликте иш алып баруулары талкууланды»,-деди Мухаммадин ажы Разыков.