Талант ажы Сабриков: Жаштарды ыймандуу, билимдүү жана жоопкерчиликтүү кылып тарбиялоого милдеттүүбүз

Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков  ИИМдин 10-бөлүмү, МУКК кызматкерлери менен биргеликте Каракол шаарындагы №14 мектебине барды. Окуучуларга уюштурулган жыйында баш имам хатиб «ыймандуулук», «арак жана зына», «адептүүлүк»,  «суицид» темаларында баяндама жасап, мектептин жаш жеткинчектерин ар кандай азгырыктардан оолак болууга чакырды.

Ал эми укук коргоо кызматкерлери окуучуларга мыйзам, кылмыштын түрлөрү  боюнча  маалымат беришип, мугалимдерди, ата-энени урматтоого үндөштү.

«Балдарыбыз билимдүү болсо мамлекетибиздин келечеги жакшы болот. Жаштарды ыймандуу, билимдүү жана жоопкерчиликтүү кылып тарбиялоого  милдеттүүбүз»,-деди Талант ажы Сабриков.