Суусамыр өрөөнүнүн имам хатиби «Суусамыр FM» радиосу аркылуу коомчулуктун суроолоруна түз ободо жооп бере баштады

Суусамыр өрөөнүнүн имам хатиби Мирбек ажы Казаков 103-FM жыштыгында жайгашкан «Суусамыр» радиосунда коомчулуктун суроолоруна түз ободо жооп бере баштады. Мындан сырткары Мирбек ажы Казаков  ыйман, Ханафий мазхабы, жүрүм-турум эрежелери, адал ырыскы темаларында баяндама жасоодо.

«Коомубуз бузулбасын десек, анда биз элибизге, жаштарга Исламдын бийик адеп-ахлагынын негизинде  туура жолду көрсөтүп беришибиз керек. Ошондуктан Жайыл райондук хатибияты ЖМК менен тыгыз кызматташууну баштады»,-деди Нурдан ажы Өмүралиев.