ОшМУнун теология факультетинин студенттери практикаларын Ош шаардык казыятынан өтөшөт

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканынын орун басары Абдул Мажит Ислам Оглу, Ибрахим Севдим жана А.Жусубалиев Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдилла ажы Сарыбаев менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында теология факультетиндеги студенттерди шаардык казыятка практикага жөнөтүү, казыят менен факультеттин  ортосундагы алаканы бекемдөө жаатындага маселелер талкууланды.

«Теология факультетинен практикага жөнөтүлгөн студенттер шариятты жана хутба айтуу чеберчиликтерин үйрөнүшөт. Ал эми казыят студенттерге туура багыт көрсөтүп, алардын тажрыйбасын бекемдөөгө көмөктөшөбүз»,-деди казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз  Абдурахманов.