Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Омск облусунун жана Омск шаарынын Муфтийи Бота хазрат Бакулин менен жолугушуп, тараптар кызматташуу келишимине кол коюшту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев  Орусия Федерациясынын Омск облусунун жана Омск шаарынын Азирети Муфтийи Бота хазрат Бакулин менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында дин башкармалыктардын кызматташтыгын бекемдөө жана тажрыйба алмашуу, дин кызматкерлерлердин билим деңгээлин жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында Омск облусунун жана Омск шаарынын Азирети Муфтийи Бота хазрат Бакулин Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы менен ар тараптуу кызматташууга жана тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.

Ал эми жолугушуунун акырында тараптар кызматташуу жаатындагы келишимге кол коюшуп, бири-бирине ыраазычылыктарын айтышты.

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев менен болгон жолугушууга Азирети Муфтийдин жардамчысы Улан ажы Ибраев, Орусия Федерациясы боюнча  Муфтияттын өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиев, Омск облусунун жана Омск шаарынын Азирети Муфтийинин кеңешчиси Акылбек Чалиев, Жаксылык Оспанов катышты.