Азирети Муфтий ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы Жоробеков Жениш Мамаюнусович менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жоробеков Жениш Мамаюнусович менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунан алкагында өлкөдөгү диний кырдаал талкууланып, эки тараптуу кызматташууну бекемдөө боюнча  сүйлөшүштү. Муну менен катар жаштардын, элдин арсында түшүндүрүү ишин жүргүзүү боюнча талкуу болуп, биргеликте иш мерчемдерин иштеп чыгуу маселеси каралды. Ошондой эле экстемизм, терроризмге жол бербөө, экстремистик агымдарга бөгөт кою иштерин алып баруу маселелери каралды.

Эки тараптуу кызматташуунун алкагында экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана эл арасында тынчтыкты орнотууга кошкон салымы үчүн Азирети Муфтий ыраазычылык барагын тапшырды.

Аталган жолугушууга Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын фатва бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов, КМДБнын бухгалтери Жеңиш ажы Бекиев, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын Киберэкстремизмге жана кибертерроризмге каршы аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Турусбеков Ратбек Убайдылдаевич жана Бакиев Эрлан Ахматжанович катышты.