Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Гита Резаханова менен жолугушуп, Түркияга барып дарылануусу үчүн 70 миң сом тапшырды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сиам эгиздеринин бири  Гита Резаханова менен жолугушуп, анын ал абалынан кабар алды. Жолугушуунун алкагында Азирети Муфтий Гита Резахановага бекем ден соолук каалап, Куранды толук жаттап алгандыгы Алла Тааланын жакшылыгын тапкандыгын, Куран Алланын сөзү экендигин баса белгиледи.

Зумрият Резаханова учурда Гита бөйрөк оорусунан жабыркап, Түркия мамлекетине даарыланууга бара тургандыгын айтып өттү.

Ал эми Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы Гита айымдын сакайып кетүүсүнө тилектеш экендигин билдирип,  дары-дармектерин алуу үчүн Муфтияттын атынан 70 миң сом тапшырды.