Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу аземге катышууда

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 3-майда, Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу аземге катышууда. Салтанаттуу иш-чарага 400дөн ашуун киши чакырылып, жакынкы жана алыскы 15 чет өлкөдөн коноктор келишкен.

Иш-чарага Президент Сооронбай Жээнбеков катышып, ынтымак менен биримдиктен өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экендигин билдирди.

«Биздин чөлкөмдөн соода кербен жолдору өтүп, тилдердин, диндердин, маданияттардын карым-катнашы өнүккөн. Элдин биримдиги, коомдун ынтымагы бекем мезгилдерде дүркүрөп өнүккөн өлкө, күчтүү мамлекет болдук. Элден ынтымак кетсе, коомдон ырыскы качып, адамдар азып–тозуп, мекенибиз алсыраган күндөр да өткөн. Акыл-эстүү муундар мындан сабак алып, кайра биригип, улуу инсандардын кайраты менен кайра жаралган журт болгонбуз.
Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен бери уланган тарыхыбыз өзү тастыктап турат»,-деди Президент Сооронбай Жээнбеков.