Каркол шаарынын баш имам хатиби жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү ишин жүргүзөт

Каркол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков В.И Ленин атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары менен жолугушуп, экстремизм жана терроризм боюнча маалымат берди. Аталган иш-чара шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Апышева Венера жана мектеп директору Асанбаева Салия Жапаралиевна тарабынан уюштурулуп, мектеп жаштары үчүн суицид, ата-эне менен болгон мамиле темаларында лекцияларды окуп беришти.

«Экстремизм жана терроризмдин коомго коркунуч жаратуусу» аталыштагы иш-чара шардык билим берүү бөлүмү, ШИИБ жана шаардык мэрия ортосунда түзүлгөн иш графигинин алкагында бардык мектептерде уюштурулмакчы»,-деди Талант ажы Сабриков.