Республика боюнча өткөн азан айтуу сынагы жыйынтыкталды

27-апрель ишемби күнү  Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармасы, «Мухаммад-Умар-Ош» коомдук бирикмеси менен биргеликте азан конкурсу Бишкек шаарынын “Имам Сарахси” мечитинде өткөрүлүп, сынакка жалпы Кыргызстандын 7 дубанынан келген азанчылар катышты.

Калыстар тобу азанчыларды 3 талаптын негизинде карап, жеңүүчүлөрдү аныктады. Алар махраж, кооз үн жана созуу эрежелери каралды.

Калыстардын жыйынтыгы менен Нарын медресесинин мугалими Ташматов Абдумалик сынактын жеңүүчүсү деп табылып, Умра сапарына жолдомо алды. Экинчи орунга Ош облусунун тургуну, 34 жаштагы Толкун Камбаров татыса, үчүнчүгө Бишкек шаарынан Сүйүн Жуманалиев ээ болду.