Нурлан ажы Субанов: Атабаев Зияидин каарынын жаркын элесине арналган “IХ Республикалык Курани Карим жарышы ийгиликтүү жыйынтыкталды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Ббашкармалыгы жана «Адеп Башаты» коомдук прогрессивдүү фонду биргеликте  Атабаев Зияидин каарынын жаркын элесине арналган “IХ Республикалык Курани Карим жарышынын” финалы 2019-жылдын 29-апрель күнү эски Борбордук мечитинде уюштурду. Финалга жалпы Республикадан 300-дөй адамдын арасынан тандалып алган эң мыкты 25 окуучу катышышты.
Жарыш 3 түрдөн өттү:
1) Курандын үчтөн бир бөлүгүн жатка билгендер (10 пара);
2) Курандын үчтөн эки бөлүгүн жатка билгендер (20 пара);
3) Куранды толук жатка билгендер (30 пара).

«Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Ббашкармалыгы жана «Адеп Башаты» коомдук прогрессивдүү фонду биргеликте жыл сайын жалпы Республикалык Курани Карим жарышын өткөрүп келет. Ушу жылкы жарыш тогузунчу ирет өткөрүлдү. Быйылкы Куран жарыш атактуу Атабаев Зияидин каарынын жаркын элесине арналды»,-деди Нурлан ажы Субанов.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

10 пара боюнча:
III-орун – Чүй облусунан Махмануров Мухаммад — 40 000 сом
II-орун – Нарын облусунан Пулодов Мухаммедали — 50 000 сом
I-орун – Чүй облусунан Мирбеков Мухаммад — 70 000 сом

20 пара боюнча:
III-орун – Бишкек шаарынан Садуллоев Маъруф — 70 000 сом
II-орун – Ош облусунан Абдрайим уулу Бексултан — 90 000 сом
I-орун – Жалал-Абад облусунан Камилжанов Мухториддин — 130 000 сом

30 пара боюнча:
III-орун – Баткен облусунан Маллабоев Иброхимжон — 140 000 сом
II-орун – Чүй облусунан Аяаз уулу Асатулла — 160 000 сом
I-орун – Бишкек шаарынан Закиров Абдулло — 200 000 сом

Калган катышуучуларга катышкандыгы үчүн 3000 сом сыйлык берилди.

Ошондой эле Куран жарышка сыйлуу конок катары Атабаев Зияидин каарынын бир туугандары, жакындары чакырылып, аларга сөз берилип, сыйлыктар тапшырылды. Каарыбыздын бир туугандары уюштуруучуларга, катышуучуларга, бардык ушул Куран жарышты колдоп, кызмат кылгандарга терең ыраазычылыгын билдирип, катышкан катышуучуларга да өзүлөр атайын арнап келген белек-бечкектерин ыйгарышты.