Баткенде медреселер арасында спорттук турнир өттү

Баткен облусундагы медреселер арасында спортту өнүктүрүп, мугалимдер жана окуучуларды дени сак жашоого үгүттөө максатында спорттук турнир өттү. Иш-чара Лейлек районунун Кулунду айылындагы “Таир” медресесинде  болуп, анда спроттун  волейбол, футбол түрү боюнча күч сынашты.

Турнирдин жыйынтыгында Исфана  шаарындагы “Абдулла ибн Аббас” медресеси  волейбол, футбол боюнча  1-орунду камсыз кылды.

«Иш чарага казыят кызматкерлери, имамдар,медресе мугалимдер менен студенттер катышты. Мелдеште  жеңишке жеткен медреселерге баалуу белектер менен сыйланды»,-деди казыяттын маалымат катчысы Фуркат Авлиеев.