Ош шаарындагы имамдар Рамазан айына карата даярдык көрүүшүүдө

“Имам Бухарий-Алай” мечитинде жалпы имамдардын катышуусунда Рамазан айына карата даярдык көрүү, жалпы мусулмандарга жагымдуу шарт түзүү, мечиттин тазалыгына өзгөчө көңүл буруу боюнча жыйын өткөрүлүп, бардык имамдарга тапшырмалар берилди.

Жыйындын жүрүшүндө шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ар бир дин кызматкери ыйык Рамазан айында таравих, Куран хатм, ифтарлык уюштуруу жана тийиштүү болгон бардык шарттарды түзүү зарыл экендигин белгилеп, бул жаатта ар бир милдеттендирилген ишти так аткаруу боюнча жалпы имамдарга  тапшырма берди.

“Берилген тапшырмаларды көзөмөлгө алуу жоопкерчилиги казыяттын окуу бөлүмүнө жана баш имам хатибдерге жүктөлдү”,-деди казыяттын маалымат кызматы.