Муфтият 7 дубан казыяттары арасында «Спорт – ден соолуктун булагы, ынтымак-ийгиликтин башаты» аттуу футболдук мелдеш өткөрдү (ФОТО-ФАКТ)

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы «Спорт – ден соолуктун булагы, ынтымак-ийгиликтин  башаты» аттуу  футболдук мелдешти өлкө аймагындагы казыяттар арасында өткөрүп, жыйындыганда Ош облустук казыяты алдыга озуп чыкты.

Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомущев, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлү Эркинбек Абдылдаев  жана Муфтият кызматкерлери катышып, оюндун калыс өтүшүнө калыстык кылып турушту.

“Бул алгачкы ирээт өтүп жаткандыктан абдан кызыктуу болду. Максатыбыз казыяттар арасындагы байланышты, ынтымакты жана тажрыйба алмашууну бекемдөө”,-деди Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев.

Муну менен катар бул күнү мыкты коргоочу, мыкты чабуулчу жана мыкты дарбазачы наамдары ыйгарылды.

Ал эми кийинки мелдешти түштүк аймактык казыяттар өткөрүүнү милдеттенишип, анда дагы 7 дубандын казыяттары күч сынашмакчы.