«ОКУ!» долбоорунун алкагындагы «Окуган эл — озот!» аттуу китеп окуу конкурсу китеп сүйүүчүлөрдүн катарын көбөйттү (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 25-апрель күнү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда «ОКУ!» долбоорунун алкагында «Окуган эл — озот!» аттуу китеп окуу конкурсунун жыйынтыктоо аземи болуп өттү.

Салатанаттуу саамадыкты “Адеп Башаты” коомдук прогресивдүү фонду Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы, Кыргызстан Ислам Университети, “Дилазык” басма үйү, Чынгыз Айтматов атындагы тил жана маданият борбору менен биргеликте уюштурган.

«Иш-чарага Орус Федерациясынан жаңы чыккан «Таштабачы, апаке» (Не оставляй, мама) китебинин автору Айгиз Баймухамметовду сыйлуу конок катары чакырып, жаңы которулуп басылган китебинин бет ачары болуп өттү”,-деди “Адеп Башаты” коомдук прогресивдүү фондунун жетекчиси Нурлан ажы Субанов.

Китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрү:

«Манас» эпосунан:
1. Арзыбаева Айзат (Бишкек) — 95 упай — 60 000 сом;
2. Бектурсун кызы Фатима (Бишкек) — 91 упай — 40 000 сом;
3. Исаев Эрлан (Бишкек) — 87 упай — 30 000 сом;
4. Токтокан Сатыбалдыева (Ош) — 86 упай — 20 000 сом;
5. Бурулкан Мамбеталиева (Каракол) — 85 упай — 10 000 сом;
6. Гулбарчын Исмаил кызы (Бишкек) — 85 упай — 5 000 сом;

5-орун жана 6-орун упайлары тең болгондуктан байгелери чучукулак аркылуу аныкталды.
7-орундан 11-орунга чейин ээлегендер кызыктыруучу белектер менен сыйланды.

«Чарыяр» китебинен:
1. Эшмамбетов Жумабек (Бишкек) — 154 упай — УМРА сапары;
2. Насыйкат Арзыбаева (Бишкек) — 153 упай — 30 000 сом;
3. Руслан Алишов (Бишкек) — 152 упай — 20 000 сом;
4. Маматова Рахима (Ош) — 152 упай — 10 000 сом;
5. Камчыбекова Зарина (Бишкек) — 152 упай — 5 000 сом;
6. Ирисбаева Акмарал (Ош) — 152 упай — кызыктыруучу белек.

3, 4, 5, 6-орундардын упайлары тең болгондуктан байгелери чучукулак аркылуу аныкталды.
7-орундан 12-орунга чейин ээлегендер кызыктыруучу белектер менен сыйланды.

«Наставник человечества Мухаммад (САВ)» китебинен:
1. Абдисатар уулу Белес (Бишкек) — 161 упай — УМРА сапары;
2. Жанжигитов Нурлан (Баткен) — 155 упай — 30 000 сом;
3. Айтбаева Айгуля (Бишкек) — 154 упай — 20 000 сом;
4. Бекболотова Шахрезада (Бишкек) — 145 упай — 10 000 сом;
5. Бейшембиев Асхат (Бишкек) — 143 упай — 5 000 сом;

6-орундан 10-орунга чейин ээлегендер кызыктыруучу белектер менен сыйланды.

Жалпы катышуучуларынын упайларын төмөнкү ссылка аркылуу билип алсаңыздар болот:
http://oku.biz.kg