Ысык-Көл районунун баш имам хатиби мечиттерди таза суу менен камсыз кылуу боюнча имамдарга тапшырма берди

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби аймактардагы жалпы дин кызматкерлери менен жолугушуп, анда мечиттерди таза суу менен камсыз кылуу маселесин талкуулады. Баш имам хатиб ар бир мечитте жарандар үчүн бардык шарттардын болуусу керектигин айтып, айрыкча ысык-муздак суунун болуусу зарыл экендигин баса белгиледи.

Муну менен катар бул күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жана облустук казыяттардан келген тапшырмалардын аткарылышы, даават маселеси боюнча тартиптүү иш жүргүзүү жана имамдардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иш алып баруусу боюнча маалыматтар угулду.