Садиллаев Көчкөнбай Жаныкулович

Садиллаев Көчкөнбай Жаныкулович

Садиллаев Көчкөнбай Жаныкуловичтин өмүр баяны
1959-жылдын 13-сентябрында Баткен районуна караштуу Зардалы айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Өкмөт ошол жылы Зардалы айылынан Кара- Бак айылына элди көчүргөндүктөн, күбөлүккө атын Көчкөнбай деп жазып койушкан. Ата-энеси салт боюнча Нишанбай аттуу айыл аксакалына ат койуп берүүнү өтүнүшкөндө, эгер мен айткан ысымды өзгөртпөй алып жүрөбүз десеңер, “Ашыр датка” атабыздай даңктуу эл адамы болсун деп Ашырбай койгон. Ошентип, эки ысымды бирдей алып жүрөт. Нишанбай аксакал өмүрүнүн аягына чейин, уулуңардын атын өзгөткөн жоксуңарбы? — деп сурап жүргөн.
Молдо Ашыр жаштайынан дин билимин айылдаш молдо ава-агаларынан, Тажикстандагы айтылуу Абдисами ажыдан окуган.
— Орто мектепти аяктаган соң Советтик армиянын катарында 1979-жылы аскердик милдетти өтөгөн.
— Диний ишмердүүлүгүн 1989-1993 – жылдары Өбекстандын Бухара шаарындагы Мир Араб медресесинде мударрис (окутуучу мугалим) болуп баштаган.
— Андан кийин Молдо Сабыр устаздын демилгеси менен Кыргызстанга келип 1994-1996 – жылдары Сокулук районунун Кызыл Туу орто мектебинде мугалим болуп иштеп, ошол айылга диний медресе уюштурган.
— 1997-1998- жылдары Ысык Көл облусунун Кара Кол шаарында “Кара Кол”медресесинин мүдүрү кызматын аркалаган.
— 1998-1999 — жылдары «Азрети Умар» атындагы Ислам институтунда проректор болуп иштеген.
— Учурда Кыргызстан Ислам университетинде ага окутуучу.
1997-1999-жылдары Ислам институтунда иштеген жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасында жооптуу катчылык милдетти да аркалаган.
— 1999-2002-жылдары Чүй облусунун казысы болуп иштеген.
-2003-2006-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгында, Азрети муфтийдин орун басары болуп иштеген.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 1-2-3-5-6 чакырылышынын ардактуу мүчөсү.
Үй бүлөлүү, 3 уул, бир кыздын атасы.