Ибрахим (а.с)дын өмүр жолу- адамдар үчүн чексиз даанышмандыктын казынасы

Такыба Ибрахимди ааламдардын Роббиси Курани Каримде “Алланын досу”, деп атайт. Акыйкатта, мындай улуу бааны Алла Таала чыныгы алкоосуна татыктуу болгон адамга гана бермек. Азыр биз чогуу асылзат Ибрахимдин кандай жолду басып өткөнүн, кандай кыйынчылыктарга туш болгонун жана бардыгына чыдамкайлык менен Алланын улуу Вазийфасын аткарууну уланта бергенин билели.

Ибрахим тарыхта Бабыл деген ат менен белгилүү болгон шаарда төрөлгөн. Келечектеги пайгамбар наристе кезинде анын үй-бүлөсү Харранга көчүп келген.

Бул жердин эли жылдыздарга жана планеталарга сыйынышчу. Алар өздөрүнүн жашоолорун жылдыздар башкарып турат жана бакыт менен ийгилик топ жылдыздарга байланыштуу деп ойлошчу. Ошол себептен алар жылдыздар жана планеталардын урматына ар кандай майрамдарды өткөрүшүп, аларга курмандыктарды чалышчу. Ошондой эле харрандыктар таштан өздөрү эле чегип алган буттарга  да сыйынышчу.

Өкүнүчтүүсү, элдер  Азар деп аташа турган Ибрахимдин атасы дагы мушрик болчу. Ал буттарга сыйына турган  жана адашкан адам эле.

Ибрахим ушундай адашуунун арасында өстү жана адамдар өздөрүн канчалык акылга сыйбай тургандай алып жүргөндөрүнө  көп ой жүгүртчү. Эмне үчүн жооп берүүгө жөндөмсүз жаны жок  таштарга  сыйынышат? Жылдыздарга, күнгө жана айга курмандык чалуунун кереги эмне,  алар  асманда бири бирин кезек менен алмаштырып жатпайбы жана эч бир  нерсеге ээ эмес да? Ал адамдардын ар кандай ишенимдерди ээрчип, өздөрүнүн кылык-жоруктарынын маанисине ой жүгүртүшпөгөндүгүнө байкоо салып жүрдү. Таштан айкел жасап алып анан ага кайрадан сыйынууга да болобу? Адам өз колу менен “кудай”  жасап жана аны өзүнөн да кудуреттүү деп жарыялоого мүмкүнбү? Бул жоруктар Ибрахимдин аң-сезимине сыйбай турган нерсе эле. Эмне үчүн адамдар тигил же бул “кудайга” сыйынышат, деген суроосуна алар “биздин ата-бабаларыбыз сыйынып келген”, деп жооп беришчү. Ата-бабалары болсо, алардын ата-бабаларынан калган адашууда болсочу? Жалган ишенимдер ата-бабалары туула электе эле таркаган болсочу? Андай болсо жалган адамдардын арасына эчак эле келип алардын аң-сезимине ушунчалык бекем орношуп алгандыктан, бул маанисиз салттын качан, кайдан жана эмне үчүн келгендигин адамдар унутуп да калышкан.  Суроолоруна жооп таба албады, бирок Ибрахим акыйкатты издөөдөгү аракетин уланта берди, акыры Алла ага Өзүнүн Мээримине алып баруучу туура жолду көрсөтүп, акыйкатка негизделген илимин тартуулады.

Качан Алла Ибрахимге шаардын элине чыгып, аларды акыйкатка чакырууга буйрук кылганда, улан аларды акыл-эске келүүгө чакырып, сүйлөшүүнү чечти:

-Мына менин кудайым! – деди Ибрахим, асмандагы планетаны көргөзүп жана алардын кайсы жерден адашып жаткандыгын өздөрүнө түшүндүрүш үчүн, бутпарастардын ишенимине макул экендигин билдирген түр кылып. А качан планета көрүнбөй калганда, ал: “Мен батып кетүүчү нерселерди жакшы көрбөйм”, деп кошумчалады , эгер Кудай болсо түндөсү адамдар менен болуп, күндүзү аларды коргоосуз таштап кетпейт эле, дегенди кыйытып.

-Мына менин кудайым! – деди ал, асмандагы айды көргөндө. Ал эми качан түндүн шам чырагы батып кеткенде: “Эгерде, менин Кудайым мени түз жолго салбай турган болсо, мен адашкан адамдардын биринен болом!” – деп Ибрахим кошумчалады, бул асмандагы ай дагы Кудай боло албайт, дегенди кыйытып, бирок Жаратуучунун бардыгына толук ишенип.

Качан асманда күн пайда болгондо, Ибрахим бардыгы уккандай катуу үн менен айтты: “Мына менин Кудайым, бул анткени чоң да”. Бирок качан күн батып кеткенде: “О, адамдар, мен  бул жарык чачуучуларды кудай деп тааныбайм жана аларды Аллага шерик кылуудан баш тартам” — деп ал жарыя кылды

Албетте, такыба Ибрахим  күндүн, айдын же болбосо жылдыздардын кудай болооруна эч качан ишенген эмес, бирок, өзүнүн элинин көзүн ачуу үчүн ал ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланган.

Адамдар такыба Ибрахимди угушту, бирок ал аларды караңгылыктан чыгарууга     канчалык аракет кылбасын, анын айткандарына керең бойдон кала беришти.

Качан Ибрахим Аллага чакыруу үчүн атасына келгенде, ал сөзүн баланын ата-энесине көрсөтүүчү сый-урматы менен өтө сылык баштады.

-О, атаке! Эмне үчүн сен укпай турган да, көрбөй турган да жана сага эч бир жардам бере албай турган да нерсеге сыйынасың? – деди Ибрахим. – Акыйкатта, мага сенде жок илим келди, ошондой болгон соң, мени ээрчи, мен сага туура жолду көрсөтүп берем!

Бирок, Ибрахимдин атасы көкбеттик менен өзүнүн ыймансыздыкта калуусун уланта берди.

-О, атаке! Шайтанга ибадат кылба, анткени Шайтан Мээримдүү Алланы укпай койгон. О, атаке! Акыйкатта, мен сени Алланын каарына калып, Шайтан менен бирге Тозокко түшүп каласыңбы деп корком! – деп Ибрахим атасын ыймансыздыктан алып чыгууга аракет кылып жатты.

Бирок, Ибрахимдин атасы айтылган акыл-насаатка керең эле. Уулун угуудан тажаган ал, аны  кууп жиберди да мурда ишенип жүргөндөрүнө бекем бойдон кала берди.

Ибрахим мында дагы сабырдуулук менен жооп кайтарды: “Сага тынчтык болсун! Мен өзүмдүн Кудайымдан сени кечире көр деп суранам, анткени Ал мага мээримдүү. Бирок, мен силерден жана  Алладан  бөлөк сыйынып жаткан нерсеңерден кетем жана өзүмдүн Роббимен жалбарып суранам, балким Ал менин өтүнүчүмдү угат”.

Ушундай сөздөр менен Ибрахим өзүнүн атасынын үйүнөн чыгып кетти.

Атасынын  баш тартуусунун себеби, ал, ар бир шаардын жашоочулары сыяктуу эле акыйкатты эмес, калгандары кылып жаткан нерсени ээрчүүнү чечти. Анын үстүнө, Азар Намруд падышанын өзүнүн кол астында иштечү – ага буттарды жасап берчү. Ал эгер моло таштарга сыйынуудан баш тарта турган болсо, буттарды сатуудан   түшкөн акчадан куру калаары турган иш эле. Ошондой эле ал адамдардын сөз кылаарынан да корккон. Бирок, анын Бейиштеги түбөлүк жыргал жашоодон баш тартып, аны жердеги эң кыска жашоого алмаштырганы канчалык наадандык болду. Бирок, белгилүү болгондой ыймандуу болууну тандайбы, же каапырлыкта кала берүүнүбү, адам өзү чечет эмеспи. Ибрахимдин атасы өзүнүн тандоосун жасады.

Күндөрдүн биринде шаардыктар асмандагы жана жердеги “кудайларынын” урматына уюштурган бутпарастык майрамына чогулушту. Майрамга эч кимиси калбастан келүүгө тийиш эле, бирок Ибрахим бир амалды ойлоп, оорусуна шылтоолоду да, көпчүлүк менен кошо барбастан калып калды.

Шаардын жашоочулары салтанаттуу шаң менен майрамын көпкө майрамдашты, ошондуктан Ибрахим өзүнүн ойлогон оюн жайбаракат иш жүзүнө ашырмак.

Жакын арада эч кимиси калбай бардыгынын кетүүсүн күттү да, Алланын элчиси колуна чоң барсканды алып моло таштарды талкалай баштады. Ал эч керексиз айкелдерди бырын-чырын кылып, додо ташка айландырып, буга кошумча  наадан шаардыктар айкелдери үчүн калтырып кеткен тамак-аштарды, аларга жегиле деп сунуштап да жатты. Наадан адамдардын ширктин сазына баткандыгы ушунчалык, өздөрү калтырып кеткен тамак-аштарды моло таш айкелдери жебей эле, ушундай алдоо жолу менен байып жаткан кечилдер менен диний кызматкерлар үйлөрүнө алып кетээри алардын  ойлоруна да келген жок. Мушриктер өздөрүнүн “кудуреттүү кудайларын” тойгузуп жатабыз деп ойлошчу. Ушуну бир ойлоп койгула: алар чексиз күчү жана бийлиги барларды тамактандырып жатабыз деп ойлошчу. Ал эми чексиз күчкө ээ, каалаганын “бол” десе болтурган Зат, тамакка муктаж болчу беле? Алардын кылып жаткандарында акыл-эстүүлүктүн жоктугу кичинекей балага деле белгилүү.  Ибрахим болсо барсканын шилтөөсүн улантып, моло таштарды чекесинен калтырбай талкалай берди. Жана албетте, алардын бири дагы ага каршылык кылбады, тамакты жебеди жана өздөрүн коргободу. Эң акыркы, бардыгынан чоң айкелге Ибрахим тийген жок, аны калтырды да ага айкелдерди талкалаган барсканды жөлөп койду.

Качан шаардын жашоочулары кайтып келгенде, алар буттарынын сынып, талкаланып жатканын көрүштү.

-Биздин “кудайларыбызды” ким мындай кылды? А балким муну жанагы бизди буларга сыйынбай Жалгыз Кудайга ыйман келтирүүнү сунуштаган улан кылып жүрбөсүн? Тезинен аны тапкыла да бул жерге алып келгиле!

Ибрахим буттарды ким талкалаганы мага  белгилүү деп,  жооп берди. Ал чындык ачыкка чыгаарын билген, бирок адамдар бул окуянын жардамы менен ааламдардын Жаратуучусунун Кудуретинин алдында таштардын эч нерсеге арзыбасын түшүнүшөт — деп ойлогон. Алланын пайгамбары, бардыгына күнөөлүү кудайлардын эң чоңу, деп жооп берди жана мунун далили кылып, анын өзүнөн суроолорун сунуштады.

-Бирок, биздин кудайларыбыз сүйлөй алышпайт, ал эмес уруша да алышпайт – деп капысынан адамдар моюндарына алышты.

-Андай болсо эмне үчүн пайда да, зыян да келтире албаган нерселерге  сыйынасыңар? Деги акыл-эсиңерге келесиңерби?! – деп сурады Ибрахим.

Шаардын жашоочуларынын аябай ачуулары келип, пайгамбарды чоң отко өрттөп жиберүүнү чечишти. Бул отко алар көп күн отун жыйнашты, ал эмес мушриктердин арасындагы оорулуулары дагы, эгер айыга турган болушса сөзсүз Алланын пайгамбарын өрттөөгө отун алып келүүгө сөз беришти.

Жагылган оттун  чоңдугу  ушунчалык болду дейсиң, асмандагы  учкан куштар дагы канаттарын күйгүзүп алуусу мүмкүн эле. Улуу жагылган оттун жанына мушриктер өздөрү дагы жакындап бара албай калышты. Алар эми Ибрахимди отко кантип ыргытыштын айласын издеп жатышты.  Акырында алар ыргыта турган курал алып келишип, ошонун жардамы аркылуу гана пайгамбарды оттун ортосуна ыргытып жиберишти. О, Алла, кандай өкүнүчтүү, бул адамдар Алланын пайгамбарын ээрчий турган кезде, акыл-эстерин пайдаланышкан жок…

Жазага тартылаардын алдында такыба Ибрахим Кудайга алкыш-мактоо айтты жана мындай деди: “Бизге Алла жетиштүү – Ал эң сонун Коргоочу!”

Бутпарастар аны өрттүн так ортосуна ыргытышты, бирок оттун жалыны аны күйгүзгөн жок жана кымындай да зыян келтирбеди. Анткени, Алла Таала отко Ибрахим үчүн салкын бак болууга буйрук берди. Ибрахимдин ыйманы  мушриктердин үстүнөн, алар канчалык көп да, күчтүү да, бийликке да ээ болушпасын, жеңишке жетишти. Алла Улуу, бардык жаратылган макулуктардын Роббиси…

Кийин Ибрахимге,  ашынган менмесинүү, текеберлигинен Аллага ыйман келтирүүнү четке кагуусун уланта берген Намруд падышанын өзү менен жолугушууга туура келди.

Бул падышанын акмакчылыгы ушунчалык чегине жеткендиктен, ал өзүн кудай санап алган. Такыба Ибрахимди өзүнө чакырып алып, ага өзүн жашоо да, өлүм да берген кудаймын деп билдирди. Ал өзүнүн айтканын далилдеш үчүн эки адамды алып келүүгө өкүм кылып, алардын бирин жазалап өлтүрүүгө, бирин болсо бошотуп жиберүүгө буйрук кылды. Ал ушул акылсыз жоругу менен жашоо берээрин да жана аны алып коёорун да көрсөткүсү келди. Ошондо, Ибрахим Алланын кудуретинен бир мисал келтирди:

-Эгер сен кудай болсоң, анда күн сайын чыгыштан чыгып жаткан күндү, батыштан чыгаргын!

Ибрахимдин  бул жүйөөлүү талабына падыша татыктуу жооп таба алган жок. Чындыгында эле, жер бетиндеги кандай бийлик болбосун, ал Алланын адамдарга сыноо иретинде берген тартуусу гана эле.  Эгерде бийликке ээ болгон адам бийлигин боорукерлик жана адилеттүүлүк менен жүргүзө турган болсо, анда  Алла түбөлүк дүйнөдө анын Бейиштеги даражасын дагы да бийик көтөрөт. Бирок, ал  эзүүчү, заалым болсо, мунусу жазасыз калтырылбайт. Ошондуктан, бийликке ээ болгон ар бир адам, бийлигин сыноо катары кабыл алышы керек.

Ибрахим көп жылдар бою үзгүлтүксүз даават кылгандан кийин, Алла ага үй-бүлөсүн жана элин таштап кетүүгө буйрук кылды. Ал берекелүү Ханаан (Палестин)  жерине бет алды. Бир тууганы Лут менен аялы Сара да аны менен кошо кетишти. Канча бир убакыттан кийин ачарчылык аны менен Сараны Египетке кетүүгө мажбурлады.

Ибрахим менен Сара Египет жерине киргенден кийин падышанын кызматчылары Сараны андан ажыратып, падышанын астына алып кетишти. Алланын пайгамбары аларга каршылык кылууга алсыз эле. Ал күнү түнү Алладан такыба аялын зордукчунун колунан куткарып берүүнү сурап жатты, анткени ал падышанын коркунучтуу жана таш боор эзүүчү экенин билчү.

Качан Сараны падышанын алдына алып келишкенде, ал ага ыза-кордук берүү максатында, ыпылас колдорун сунду. Бирок, Сара Алладан жарам сурап дуба кылды эле, ошол замат падыша шал болуп калды. Ал кыймылдай албай калган соң, Сарага, бул дубаңды жандыр деп жалбара  баштады. Сара Аллага кайрылып, падышаны бул оорунун туткунунан бошотуп коюну суранды.  Падыша оорудан кутулган соң, Сарага кайрадан асыла баштады. Бирок, шал оору падышаны экинчи жолу тутту.  Үчүнчү жолу падыша бул аялды ызалантып-кордоого болбосун түшүндү.  Коркуп кетип ал Сараны бошотуп жиберүүгө буйрук берди жана анын көңүлүн көтөрүү максатында ага Хажар аттуу кызматчы аялды тартуу кылды. Сара Ибрахимге тирүү бойдон, аман-эсен кайтып келди, ал эми кызматчы Ажар болсо, акыйкат динди кабыл кылыл, Алланын элчисине турмушка чыкты. Сара буга каршы болгон жок, анткени ал төрөчү эмес.

Ибрахим, Сара жана Ажар Палестинага кайтып келишти. Көп өтпөй Алла  Ибрахим менен Ажарга Исмаил аттуу бала тартуулады.

Алла Тааланын Ибрахимге берген буйруктарынын көпчүлүгү таң калыштуу, ал эми  кээлери болсо өтө эле каардуудай сезилет.

Бирок, биз Алланын бул дүйнө жөнүндө жөнөкөй адамдар, ал эле эмес Анын элчилери дагы биле албай турган толук илимге ээ экендигин унутпашыбыз керек. Мына, Ибрахимге Ажарды жаңы төрөлгөн баласы Исмаил менен чөлгө алып барып таштоого буйрук болду.

Ибрахим аларды азыр Мекке шаары жайгашткан, таштуу жерге алып келип, жандарына бир аз суу жана азык-оокат калтырды да, кетип калды.

-Сага, бизди бул жерге ташта деп, Алла буйрук кылдыбы? – деп сурады Ажар пайгамбардан.

-Ооба, дал ушундай, — деп жооп берди Ибрахим.

-Андай болсо, биз эч нерседен кам санабайт экенбиз, — деди такыба аял.

Көп өтпөй суу түгөндү, анан Ажар жардам издей баштады. Бирөө жарым адам көрүнүп калабы деп,  ал азыр Сафа дел атала турган дөңгө чыгып эки жакты карады. Андан соң, аял ылдый  түшүп кийинки Марва деген дөңдү көздөй чуркады, бирок тегеректен эч бир тирүү жан көрүнбөдү.

Ошентип, бир дөңдөн экинчи дөңгө жети жолу чуркаган соң Исмаилге кайтып келди да, көргөн көзүнө ишенбеди, анын буттарынын алдынан оргуштап суу чыгып жаткан эле.

Бул булакты ал Зам-Зам деп атады. Меккеге ажылыкка баргандар ал суудан  бүгүнкү күнгө дейре  ичип жатышат.

Аял суудан сузуп ала баштады. Такыба Ажар жана кичинекей Исмаил булактын жанында жашап калышты, белгилүү болгондой, Зам-Зам суусунду эле кандырбастан, ачкалыкты да кетирүүгө жөндөмдүү.

Бир канча убакыт өткөндөн кийин булактын жанынан бир топ адамдар өтүп калышты. Алар Ажар менен Исмаилди көрүшүп, суу ичип алууга уруксат сурашты. Ажар каршы болгон жок. Жолоочулар бул жер жашоого ылайыктуу экен деп чечишти да, ал жерге биротоло жашап калышты.

Уламышта айтылат, Ибрахим Меккеде Ажар менен Исмаилге келип, уулунун чоңоюусуна көз салып жана анын тарбиясына да катышып турган. Ал арада Исмаил чоңойду, атка мингенди жана жаа атканды үйрөндү.

Алла Ибрахимди, ал  абдан карып калганга чейин сыноосун уланта берди.

Күндөрдүн биринде Алланын пайгамбары түшүндө Алладан өзүнүн жалгыз уулун… курмандыкка чалууга буйрук келгенин көрдү.

-Алла мага сени курмандыкка чалууга буйрук кылды. Буга сен эмне дейсиң, уулум? – деп сурады Ибрахим уулунан.

-О, атаке! Алла Тааланын сага берген буйругун аткар жана сен  Алланын каалоосу менен менин буга сабыр кылаарымды көрөсүң, — деп жооп берди Исмаил.

Биз жогоруда айтып өткөндөй, ар дайым эле Алланын буйруктары жөнөкөй сезиле бербейт. Болбосо, мындай буйрукту аткарууга Аллага чын жүрөктөн  берилген Ибрахим пайгамбардан башка ким бел байлай алмак? Ал болсо, бел байлады. Ал эле эмес, бул иштин өтөөсүнө чыгууга, өзүнүн жанын  бере турган уулу жардамчы болду. Ал экөө тең жашоону берген Алла, алганда да Өзү алаарын түшүнүшкөн, ошондуктан өкүмгө баш ийишти.

Качан Ибрахим Алланын өкүмүн аткаруу үчүн бычакты жакындатканда, Жараткан Ибрахимдин сыноодон абийирдүүлүк менен өткөнүн, ал эми Исмаил болсо, аман-эсен тирүү калаарын  кабарлады. Андан соң, Алла курмандыкка кочкор чалууга буйрук кылды,  сүйүнүшкөн ата менен бала буйрукту аткарышты.

Муну менен Алла, мындай курманчылыкка муктаж эмес экендигин жана адамдын өмүрү ар бирибиз аздектей турган эң улуу белек экендигин көрсөттү.

Бул окуяны мусулмандар жыл сайын Ид Аль Адха – Курман айт майрамында курмандыкка мал союп, кедейлерди, колунда жокторду тойгузуу менен эскеришет.

Кийинчирээк Ибрахим менен Исмаил Аллага ибаадат кылуучу жерди негиздешти. Бүгүн биз ал жерди Мекке шаарынан табабыз. Дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын бардыгы намазда жүзүн бурган Касиеттүү Кааба, ушул эки улуу адамдар тарабынан негизделген. Алар Бейиштин өзүнүн келген, ар бир момун-мусулман адам көрүүнү каалаган ташты орнотушту.

Каабаны тургузуу менен Ибрахим адамдар эки дүйнөдө бактылуулукту табуулары үчүн анын үй-бүлөсүнөн болгон жакшы сөздүү адамды жиберүүнү сурап дуба кылды.

Балким, силер сөз пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) жөнүндө жүрүп жатканын түшүнүп жатсаңар керек? Алла Ибрахимдин дубасын кабыл кылып нечендеген кылымдардан кийин  бул жерде биздин пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Алланын саламы жана салаваты болсун), төрөлөт.

Ошондой эле, Алла Ибрахимге бул жерди, Каабага келгендер Алла Таалага рүкү жана сажда кылып туруулары үчүн тазалоого буйрук кылды.

Ушинтип, Алла Ибрахимге ажылык жөнүндө, мындайча айтканда жүздөгөн жылдар бою төгөрөктүн төрт бурчунан адамдар жыл сайын келишип, бул касиеттүү жерди зыярат кылып турушаарын кабарлады.

Улгайып калган жашына карабастан Ибрахим менен Сарага Алла Таала дагы бир уулду – Исхакты тартуулады. Алардын  уулдуу болушаары жөнүндөгү кабарды Ибрахимдин үйүнө келищкен үч периштеден угуп, Сара өзүнүн мындай бактысына ишене да алган жок, анткени ал өтө кары эле. Бирок, бизге белгилүү болгондой, бардыгы Алланын бийлигинде, Ал эмнени кааласа, “бол” дейт, жана ал болот. Албетте, уулу Исхакты тартуулоо менен Ибрахимдин  урпагын көбөйтүү Аллага эч кыйындыкка турган  жок.

Такыба Ибрахимдин эки улуу элдин башталышын берген эки уулу тең пайгамбарлык вазыйпага ээ эле. Келечекте алар жер бетине таркап жана алардан акыркы пайгамбар жана элчи – Мухаммад (с.а.в.) чыкмак.

Ибрахимдин мисалы — бул адамдар үчүн чексиз даанышмандыктын казынасы. Кандай жакшы сыпаттарды биз эсибизге салбайлы, анын ар бири Алланын ушул элчисинде бар  эле. О, Жараткан Алла Таала, бир аз болсо да, боорукер жүрөктүү жана чексиз ыймандуу болгон ушул адамга окшошууну бизге насип кыл.

 

Булак: «Пайгамбарлар жөнүндө кыссалар» китебинен