Ош облусунун мусулмандар казыятында жылдын мыкты казыят кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 31-декабрда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев казыятта артыкчылык менен кызмат көрсөтүп келген казынын орун басары Нурбек кары Орунбаевдин ишмердүүлүгүн баалап, жылдын мыкты казыят кызматкери наамын ыйгарды.

Ошондой эле казыят менен тыгыз иштешип келген аялдар бөлүмүнүн жетекчиси Жамийла Жапашова ардак грамота, «Ыйман бакыт» коомдук фондунун директору Талант Аманов жана аялдар бөлүмүнүн юристи Кайрыниса Амированы ыраазычылык баракчасы менен сыйланды. Алардын мындан аркы иштерине албан-албан ийгиликтерди каалап, казыят менен дагы да тыгыз иштешүүгө чакырды.

«Жыл сайын мыкты кызматкерлерибизди аныктап келебиз. Анткени эли үчүн кызмат көрсөтүп келген кызматкерлерибиздин эмгектери баалануу кажет. Бул жылы Нурбек кары казыяттын иштерин жүргүзүүдө өзгөчөлөндү. Эл менен тыгыз иш алып барууда эмгектери  чоң. Сыйлоо үчүн чоң каражат эмес, чын ыхластан ыраазычылык билбирүү да маанилүү», — деди Самидин кары Атабаев.

Эскерте кетсек, Нурбек кары Орунбаев 2015-жылдан тарта Ош облусунун мусулмандар казыятында казынын орун басары кызматын аткарып келет.