Курман айт жана курмандык чалуу

Бисмиллаахир-рахмаанир-рахиим.

Ай-ааламды түгөл жаратып, Өз мээрим-ырайымы менен барына ырыскы жана жашоо берген Алла Таалага чексиз мактоолор, алкыш-даңктоолор болсун!

Алла Тааладан келген динди бүтүндөй ааламга кынтыксыз жеткирген, күнү-түнү үммөтү үчүн күйгөн, үммөтү да аны чексиз сүйгөн сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафага (ﷺ) үзгүлтүксүз дубай-саламдар, салаваттар болсун!

Урматтуу мекендештер!

Кадырман мусулмандар!

Кудуреттүү Алла Таала насип кылып, Сиз менен биз кайрадан улуу Курман айт майрамына жетип, баарыбызга көптөгөн сооптуу амалдарды аткарып калуубузга дагы бир ирет зор мүмкүнчүлүк берилип турат.

Быйыл Курман айт майрамы 21-август, шейшемби күнүнө туура келип олтурат. Андыктан, учурдан пайдаланып баарыңыздарды улуу Курман айт майрамы менен куттуктаймын! Ушул Курман айтты Алла Таалам бизге, жалпы адамзатка куттуу, берекелүү кылсын! Жараткан Эгебиз ушул улук күндөрдө көп-көп таат-ибадат кылууну насип кылып, жасаган ар бир ибадатыбызды Өз Айкөлдүгү менен кабыл кылып, Өз Берешендиги менен үлкөн-үлкөн соопторду берсин! Өлкөбүзгө бакыт, ырыс, ынтымак, тынчтык, бейпилчилик орносун!

Эч бир мусулмандын башына кайгы-капа жетпесин! Эч качан башыбыздан бакыт, үйүбүздөн тынчтык, коломтобуздан жылуулук, ортобуздан достук, элибизден ынтымак, жерибизден береке кетпесин! Жараткан баарыбызды ыйманда, ибадатта бекем кылып, Өзү жакшы көргөн пенделеринин катарынан кылган болсун! Кыямат күнүндө жүзүбүздү жарык кылып, баарыбызга бейишке кирүүнү насип кылсын!

Эми Курман айт тууралуу айта турган болсок:

Бардык момун мусулмандар үчүн эң ыйык күндөрдүн бири болуп эсептелген Курман айт майрамы боорукерликтин, ыймандуулуктун нак үлгүсү. Анткени, курмандык чалуу – Алла Тааланын буйругуна баш ийүү жана Анын бизге берген нимат-жакшылыктарына жана ырыскыларына ыраазычылык билдирүү болуп саналат. Колунда бар бай кишилер курмандыктын этин жетим-жесирлерге, кедей-кембагалдарга жана жакырларга берип, мусулмандардын ортосундагы урмат-сый жана бир туугандык сезимдерин күчөтөт. Байлар да, кембагалдар да кубана турган ал күнү коомчулукта тең салмактуулук жаралат. Курман айт коомчулукка кубаныч тартуулап, коомчулуктун бейпилдигин арттырып, ыймандуу берешен коомдун түптөлүүсүнө зор салым кошот.

«Айт» деген сөз араб тилиндеги «ийд» عِيْدٌ») деген сөздөн алынып, кыргыз тилинде «майрам» деген маанини билдиргени менен, сөзмө-сөз которгондо عود») «кайтуу», «кайталануу», «кайта келүү», «адат болуп калуу», «өнөкөткө айлануу» деген маанилерди да туюндурат.

Айт майрамы жыл сайын кайра-кайра келе тургандыгы үчүн ушинтип аталып калган. Эң негизгиси эки айт күндөрү Алла Тааланын көптөгөн мээрим-жакшылыктары момун мусулмандарга кайра-кайра келет. Анан да мусулмандардын ортосундагы боордоштук сезими мына ушул айттарда кайра башынан бекемделип, ал сезим өмүр бою адатка айланып, өнөкөт болуп калат.

Ардактуу Пайгамбарыбыз (ﷺ) Курман айт күндөрүнүн улуктугу тууралуу мындай деген:

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ قُرْطٍ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم: «إِنَّ أَعْظَمَ الأَيَّامِ عِنْدَ اللَّهِ يَوْمُ النَّحْرِ. ثُمَّ يَوْمُ الْقَرِّ، وَهُوَ الَّذِى يَلِيهِ». – السنن الكبرى للبيهقي — (5/241).

قَالَ عِيسَى قَالَ ثَوْرٌ: وَهُوَ الْيَوْمُ الثَّانِى. – سنن أبى داود — (2/82).

«Алла Тааланын алдында күндөрдүн эң улугу – бул «йаумун-нахр» (б.а., курман айттын биринчи күнү). Андан кийин анын артынан келген «йаумул-карр» (курман айттын экинчи күнү) турат».

Мына ушундай куттуу күндөрдө Алла Таалага жакын болуу үчүн колдон келишинче аракет кылуу зарыл. Ал күндөрү жасала турган изги иштердин Алла Таала үчүн өтө жагымдуу болгону – бул курмандык чалуу. Бул тууралуу Азирети Айша (радыяллааху анха) энебизден келген бир риваятта минтип айтылат:

عن عائشة أن النبي صلى الله عليه وسلم قال: «مَا عَمِلَ ابْنُ آدَمَ يَوْمَ النَّحْرِ عَمَلًا أَحَبَّ إِلَى اللهِ عَزَّ وَ جَلَّ مِنْ هِرَاقَةِ دَمٍ. وَ إِنَّهُ لَيَأْتِي يَوْمَ الْقِيَامَةِ بِقُرُونِهَا وَ أَظْلَافِهَا وَ أَشْعَارِهَا. وَ إِنَّ الدَّمَ لَيَقَعُ مِنَ اللهِ عَزَّ وَ جَلَّ بِمَكَانٍ قَبْلَ أَنْ يَقَعَ عَلَى الْأَرْضِ. فَطَيِّبُوا بِهَا نَفْسًا». – سنن ابن ماجة — (2/1045).

Пайгамбарыбыз () мындай деген:

«Адам баласынын курман айттын биринчи күнү жасаган амалдарынын Алла Таалага эң сүйкүмдүүсү – бул (курмандыктан) кан агызуу. (Ал күнү Алла Таалага мындан да артык, мындан да сүйкүмдүү амал жок). Кыямат күнү ошол курмандык мүйүздөрү, туяктары жана кылдары (жүнү) менен келет. Курмандыктын каны али жерге тамбай туруп Алла Тааланын ыраазычылыгына жетет (жана кабыл болот). Андай болсо курмандыктарды жакшылап (жайдары көңүл менен, чын дилден ыраазы болуп) чалгыла».

Жогорудагы куттуу хадисте «кан агызуу» жана «курмандыктын каны али жерге тамбай туруп» деген сөздөр менен курмандык чалуунун башкы максаты – «кан агызуу» экендигине басым жасалган. «Кан агызуу» болсо, момун мусулмандын Алла Тааланын буйрук-талаптарына моюн сунуу, баш ийүү дегенди билдирет. Болбосо, Алла Таала этке да, канга да муктаж эмес экендиги анык. Бул тууралуу Курани Каримде мындай деген аят бар:

لَن يَنَالَ اللَّهَ لُحُومُهَا وَلَا دِمَاؤُهَا وَلَكِن يَنَالُهُ التَّقْوَى مِنْكُم… {الحج/37}.

«Алла Таалага (чалган курмандыгыңардын) эти да, каны да жетип барбайт. Бирок, силерден болгон такыбалык жетет…»

Ал эми малды шариятка ылайык мууздоо үчүн анын кекиртеги менен кызыл өңгөчүн жана бул экөөнүн жанындагы эки күрөө (кан) тамырды кесүү зарыл. Имам Аазамдын (рахимахуллооху таала) айтуусуна караганда, ушул төртөөнүн эң азынан үчү кесилсе жетиштүү болуп саналат.

Ал эми курмандыктын этин үчкө бөлүп, анын бир бөлүгүн үй-бүлөсүнө калтырып, экинчисин жоро-жолдошторуна, үчүнчү бөлүгүн кедей-кембагалдарга таратуу мустахап (сооптуу амал) болуп саналат. Муктаж болсо, эттин бардыгын өз үй-бүлөсүнө калтырса да болот. Кааласа, бардыгын кайыр-садага кылып жиберсе да болот.

Курмандыкты ээсинин атынан сатууга же ээсине киреше алып келчү башка бир нерсеге колдонууга шариятта уруксат берилбейт. Курмандыктын этин же терисин өз ээси сатса, андан түшкөн акчаны кайыр-садага кылып бериши керек.

Касапчынын акысы курмандыктын этинен берилбейт.

Курмандык – бизге Ибрахим пайгамбар (алейхис-салам) менен анын уулу Исмаил пайгамбардын (алейхис-салам) Алла Таалага чын ыкластан моюн сунгандыгын жана алардын ибадат кылуудагы жогорку даражасын эске салып турат.

Курмандык бул жаамы жандуу-жансыздын ээси Алла Таалага тообо келтирүүнүн, Ал ыроологон ырыскы-ниматтарга карата шүгүрчүлүктүн, ыраазычылыктын белгиси. Ошондой эле курмандык кедейлер үчүн өзүнчө чоң жардам болот. Курман айттан башка учурларда ар күнү миңдеген мал-жандык союлса да, андан кедейлер пайдалана албайт. Ал эми Курман айтта курмандыктын этинен эң көп кедейлер пайдаланат.

Курмандык – адам баласын сараңдыктан жана мал-жандыкты көбөйтүүнүн артынан сая түшүүдөн куткарат. Коомчулуктагы боордоштук, бир туугандык, жардамдашуу, тилектештик, бей-бечараларды кубандыруу сезимдерин өркүндөтөт, жетилтет. Адамдарды өз ара ырайым-сүйүүгө байлайт. Алла Тааланын нимат-жакшылыктарынан бардык пенделердин, бүтүндөй адамзаттын колдонуусун шарттайт. Эң негизгиси Алла Таалага жакын болууга жана Жараткан Кудайдын ыраазычылыгына ээ болууга өбөлгө болот.

Ханафий мазхабы боюнча, төмөнкү шарттарга жооп берген адам үчүн курмандык чалуу милдеттүү (важип) болуп эсептелет:

  1. Мусулман;
  2. Акыл-эси соо, балагатка жеткен;
  3. Сапарда же жолоочу болбогон;
  4. Курман айт күндөрү негизги муктаждыктарынан тышкары курмандык чалуу мүмкүнчүлүгүнө же болбосо нисаб өлчөмүндөгү байлыкка ээ, бай болгон адам.

Курмандыктын рукуну (башкы түркүгү) – мал-жандыкты мууздоо. Мууздалбаган малдын өзүн же анын акчасын садага кылуу менен курмандык ибадаты орундалган болбойт. Курмандык чалуу ибадат болгондугу үчүн ага ниет кылуу шарт.

Курмандык чалуу тууралуу Алла Таала Ыйык Куранда:

فَصَلِّ لِرَبِّكَ وَانْحَرْ {الكوثر/2}

«Жараткан Эгең үчүн (айт) намаз(ын) окугун жана курмандык чалгын!» – деп буйрук берген.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (ﷺ):

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ، قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ كَانَ لَهُ سَعَةٌ، وَلَمْ يُضَحِّ، فَلَا يَقْرَبَنَّ مُصَلَّانَا!»نصب الراية لأحاديث الهداية مع حاشيته بغية الألمعي في تخريج الزيلعي — (4/207). سنن ابن ماجه — (2/1044) 3123.

«Ким бай болуп, кененчиликте жашап туруп курмандык чалбаса, анда биздин мечитибизге жакындабасын!» – деп буюруп, курмандык чалуунун бай кишилерге милдет (важип) экендигин белгилеген.

Бир адам бир койду же бир эчкини курмандыкка чалса болот. Ал эми уй, төө, топоз сыяктуу ири малдарды жети адам биригип курмандыкка чалышса болот. Бирок, алардын баары курмандык чалуу үчүн ниет кылуусу шарт. Эгерде, арасынан бирөөсү эле курмандык чалуу эмес, эт кылуу максатында кошулган болсо, анда калгандарынын да чалган курмандыгы жараксыз болуп калат.

Ал эми жылкы, короз, тоок, коён, каз-өрдөк жана үндүк курмандыкка жарабайт. Ошондой эле арык, көр, чолок, куйругунун же кулагынын жарымынан көбү кесилген жандыктар да курмандыкка жарабайт.

Курмандык айт намазы окулуп бүткөндөн кийин гана чалынат. Намаздан мурда чалынып калган болсо, ал курмандыкка өтпөйт жана ээси курмандык чалуу милдетинен кутулбайт. Курмандык чалуунун убактысы – үч күн. Тактап айтканда, Курман айттын 1-2-3-күндөрү. (Быйылкы эсеп менен ‎21-23-август). Демек, Курман айттын 3-күнү (23-август) күн батканга дейре курмандык чалуу зарыл. Ошентсе да, Курман айттын 1-күнү (21-август күнү) курмандык чалуу жакшыраак жана пазилеттүү.

Курмандык чалаардын алдында:

«Оо, Жараткан Эгем! Өзүң бердиң жана Сенин ыраазычылыгыңа жетүүнү үмүт кылып курмандык чалып жатам», – деп ниет кылынат.

Колунан келсе курмандыкты өз ээси сойгону абзел. Эгер колунан келбесе башка бирөөгө мууздатып, өзү жанында тике турган абалда карап турат. Себеби, куттуу хадистердин биринде минтип айтылат:

عَنْ عَلِىِّ بْنِ أَبِى طَالِبٍ رَضِىَ اللَّهُ عَنْهُ: أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم قَالَ لِفَاطِمَةَ: «يَا فَاطِمَةُ! قَوْمِى فَاشْهَدِى أُضْحِيَّتَكِ. أَمَا إِنَّ لَكِ بِأَوَّلِ قَطْرَةٍ تَقْطُرُ مِنْ دَمِهَا مَغْفِرَةً لِكُلِّ ذَنْبٍ. أَمَا إِنَّهُ يُجَاءُ بِهَا يَوْمَ الْقِيَامَةِ بِلُحُومِهَا وَدِمَائِهَا سَبْعِينَ ضِعْفًا حَتَّى تُوضَعَ فِى مِيزَانِكِ». – السنن الكبرى للبيهقي — (9/283).

Али бин Абу Талиб (радыяллааху анху) минтип риваят кылат:

«Алла Тааланын Элчиси () кызы Фатимага минтип айтты:

– Оо, Фатима! Тургун да курмандыгыңдын жанына баргын. Кунт коюп билип алгын: Анын канынан аккан (жерге тамган) алгачкы кан менен жасаган бардык (майда) күнөөлөрүң кечирилет. Ошондой эле кыямат күнүндө ал эти жана каны жетимиш эсеге көбөйтүлүп келтирилет да, сенин таразаңа (сооптуу иштериң турган тарабына) коюлат».

Ошондой эле курмандык чалынган кезде кан толугу менен агып бүткөнгө чейин (курмандыкка урмат катары) отурбастан тике туруп туруу салих (изги) адамдардын адаты болуп саналат.

Айт күнү курмандык чалуудан мурун айт намазы окулат. Ал эми айт намазын окуу төмөндөгү адамдарга милдеттүү:

  1. Эркек кишиге;
  2. Эркиндиктеги адамга (абактагы адамга милдеттүү эмес, бирок, үй камагындагы адамга милдеттүү);
  3. Ден соолугу чын болгон адамга (андыктан, оорукчан адамга милдеттүү эмес);
  4. Жолоочу эмес адамга (ошондуктан, сапардагы адамга милдеттүү эмес);
  5. Эки көзү соо адамга (Бир көзү көрүп, экинчи көзү көрбөгөн адамга да милдеттүү. Ал эми эки көзү тең көрбөгөн адамга милдеттүү эмес. Бирок, ошондой адамдын жетелеп алып баруучусу болсо, анда барганы абзел);
  6. Эки буту соо адамга (өзү басып бара албаган адамга да айт намазы милдеттүү эмес).

Эми мына ушул улук Курман айт күнү кандай амалдарды аткаруу керек экендигине кыскача токтоло кетсек:

  1. Айт күнү айт намазы окулуп бүткөнгө чейин оозго наар албоо, тамактанбай туруу.

عَنْ عَبْدِ اللهِ ابْنِ بُرَيْدَةَ عَنْ أَبِيهِ قَالَ: كَانَ النَّبِيُّ صلى الله عليه وسلم لَا يَخْرُجُ يَوْمَ اَلْفِطْرِ حَتَّى يَطْعَمَ، وَلَا يَطْعَمُ يَوْمَ اَلْأَضْحَى حَتَّى يُصَلِّيَ. رَوَاهُ أَحْمَدُ وَاَلتِّرْمِذِيُّ وَصَحَّحَهُ ابْنُ حِبَّانَ.

وقد استحب قوم من أهل العلم أن لا يطعم يوم الأضحى حتى يرجع أي يصلى.

«Пайгамбарыбыз () Орозо айт күнү тамак жебестен мурун (айт намазына) чыкчу эмес. Ошондой эле Курман айт күнү айт намазын окуп болгонго дейре тамак жеген эмес».

Мына ошол себептен аалым-уламалар Курман айт күнү айт намазын окуп бүткөнгө чейин тамактанбай турууну мустахап (сооптуу амал) деп айтышкан.

  1. Мисвак колдонуу.

Ар бир намаз үчүн мисвак колдонуу абзел болгондугу сыяктуу эле айт намазынан мурун мисвак колдонуу сооптуу амалдардан болуп саналат.

  1. Жуунуу (гусл кылуу).

أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَغْتَسِلُ يَوْمَ الْجُمُعَةِ وَيَوْمَ عَرَفَةَ وَيَوْمَ الْفِطْرِ وَيَوْمَ النَّحْرِ. رواه ابن ماجة  وابن حنبل في مسنده.

«Алла Тааланын Элчиси () жума, Арафа, Орозо айт жана Курман айт күндөрү жуунчу (гусл кылчу)».

  1. Жыпар жыт себинүү (миск сүртүнүү).

Адамдар көп жыйнала турган жерлерге жыпар жыт себинип баруу мандуп болгондугу себептүү айт күнү жыпар жыт себинүү жакшыраак. (Албетте, эркектер үчүн).

  1. Эң жакшы таза кийимдерди кийүү.

أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَلْبسُ بُرْدَ حِبَرَةٍ فِي كُلِّ عِيدٍ.

«Пайгамбарыбыз () ар айтта хибара чепкенин кийчү».

(«Хибара» – Йемендин таанымал саркеч кийими).

Ошондой эле Пайгамбарыбыздын (ﷺ) жума жана айт күндөрүндө өзгөчө жакшы кийим кийгендиги тууралуу бир топ риваят бар.

  1. Айттын түндөрүн ибадат менен өткөрүү.

Айттын түнү түнү бою же жок дегенде ошол түндүн акыркы үчтөн бир бөлүгүн зикир чалуу, намаз окуу, Куранды тилават кылуу, такбир, тасбих, истигфар айтуу менен өткөрүү.

  1. Өз мүмкүнчүлүгүнө жараша кайыр-садаканы демейдегиден көбүрөөк берүү.
  2. Жолуккан ар бир мусулманга майрамдык маанай тартуулоо. Колдон келсе андан озунуп биринчи салам берип, айт майрамы менен куттуктоо.
  3. Тууган-урукту зыярат кылуу. Ал-акыбалын сурап, колдон келишинче ар кандай жардам берүү.
  4. Айт намазын окуу.
  5. Айт намазына барганга чейин үн чыгарып ташрик такбирин айтып баруу.

Ташрик такбири:

اَللهُ أَكْبَرُ  اَللهُ أَكْبَرُ. لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ  وَاللهُ أَكْبَرُ.  اَللهُ أَكْبَرُ  وَ لِلَّهِ الْحَمْدُ.

«Аллааху акбар, Аллааху акбар! Лаа илааха иллаллааху, валлааху акбар. Аллааху акбар ва лиллаахил-хамд».

Биздин Ханафий (Имам Аазам) мазхабыбызда айттан мурдагы Арафа күнүндөгү багымдат намазынан тартып айттын төртүнчү күнүнүн аср намазына чейин ар бир намазда (жалпы 23) парз намаздан кийин ушул ташрик такбирин айтуу важип (милдеттүү) болуп саналат.

Себеби, Алла Таала Курани Каримде минтип айткан:

وَاذْكُرُواْ اللّهَ فِي أَيَّامٍ مَّعْدُودَاتٍ … {البقرة/203}

«Саналуу (белгилүү) күндөрдө Алла Тааланы (көбүрөөк) эстегиле (зикр кылгыла)

Мына ушул ыйык аятта Алла Таала «саналуу күндөрдө», башкача айтканда, ташрик күндөрү Өзүн көбүрөөк эстөөнү, зикр кылууну буюрган.

Икримадан (радыяллааху анху) келген риваятта минтип айтылат:

«Саналуу күндөрдө Алла Тааланы эстегиле!» – дегени – бул ташрик күндөрү беш маал намаздын парз намаздарынан кийин дароо «Аллааху акбар!», «Аллааху акбар!» – деп такбир айткыла дегени».

(Түшүндүрмө:

– Курман айттан мурунку күн (20-август) – «Арафа күнү» деп аталат.

– Курман айттын 1-күнү (21-август) – айт намазы окулат жана «йанмун-нахр» деп аталат.

– Курман айттын 2-3-4-күндөрү (22-24-август) – «ташрик күндөрү» деп аталат.

– «Аллааху акбар!» («Алла Таала улук!») деп айтуу – «такбир» деп аталат.)

 

Кыргызстан мусулмандарынын

Аалымдар Кеңешинин төрагасы

Абдишүкүр ажы Нарматов