Жакшылык иште жарышалы

«Жакшылыкка жакшылык – ар адамдын иши, жамандыкка жакшылык – эр адамдын иши» демекчи, адам баласы жакшылык жасоодо максатын туура коюусу керек. Эгерде сиз бирөө үчүн жакшылык жасап, кийин ал да мага жакшылык жасайт деген ниетте болсоңуз, анда тилегиңиз орундалбай, көңүлүңүз ооруп калышы мүмкүн. Ал эми ислам дининде бирөөгө жакшылык кылууда, анын кайтарымын ойлонбостон, соопчулук үчүн аткарылгандыктан, ал адам сиздин жакшылыгыңызды унутуп калса да, сообуңуз жоголуп кетпейт жана көңүлүңүз оорубайт. Анткени жакшылык ишти Алланын ыраазычылыгы үчүн жасап, аны сообун пендеден үмүт кылбайбыз.

Адам баласы жашоодо өзүн гана ойлоп, өзгөлөргө зыян келтирүү менен өзүнүн эки дүйнө бактылуулугун колдон чыгарып алуусу мүмкүн. Жашоодо гуманист болгон адам, өзүнүн жашоосун сооптуу иштерди аткаруу менен кызыктуу окуяларга байытат жана эки дүйнөнүн бактылуулугун табат. Бул эки түрдүү адам жөнүндө пайгамбарыбыз (с.а.в ): «Кудум жакшылыктын ачкычы, жамандыктын кулпусу сыяктуу адамдар бар. Кээ бирөө жамандыктын ачкычы жана жакшылыктын кулпусу сыяктуу болушат. Улуу Алла Таала тарабынан жакшылыктын ачкычы колуна берилген ал адамдар кандай гана бактылуу! Анан Улуу Алла Таала тарабынан жамандыктын ачкычын колуна берген адамдарга наалат!» – деп айткан.

Дагы бир хадисте:

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) адамдар олтурган жерге келип токтоду да: «Силердин кимиңер кайрымдуу, кимиңер кайрымсыз экениңерди айтайынбы?» – деди. Ал жерде олтургандар унчукпай калышты. (Ошондо пайгамбарыбыз (с.а.в.) суроосун) үч жолу кайталады. Бир адам: «Айт, Оо Алланын элчиси!» – деди. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Силердин жакшыңар, андан жакшылык күтүлгөн жана жамандыгынан башкалар коопсуз болгондор. Ал эми жаманыңар болсо, андан жакшылык күтүлбөгөн жана жамандыгынан да башкалар кооптонгондор», – деп жооп берди.

Жакшылык кылуу үчүн көп нерсе талап кылынбайт. Анткени ислам дини адамдын күчү жетпеген нерсени ага жүктөбөйт. Жакшылыктардын арасынан садаканы карап көрө турган болсок, кедей адам жакшылык кылууну каалайт, бирок садака берүүгө мүмкүнчүлүгү жок дегенден алыс болуу керек. Анткени садака бир гана акча менен чектелген эмес. Жакын досуңузга, тууганыңызга, кошунаңызга же жолдо салам берген адамдарга жылмайып, жакшы сөз айтуу да садака болуп саналат. Жалпылап айтканда, колуңуздан келген жардамды берип, жакшы мамиледе болсоңуз жашооңуз маңыздуу жана берекелүү өтөт. Бул тууралуу пайгамбарыбыз (с.а.в.): Алланын алдында достун эң жакшысы, өзүнүн досуна жакшы мамиледе болгону. Алланын алдында кошунанын эң жакшысы, кошунасы менен дайым жакшы мамиледе болгондор», – деп айткан.

Ошондой эле өзүн гана ойлобостон, өзгөлөр үчүн кызмат кылып, пайдасына жараган адамдар жөнүндө пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Инсандардын эң жакшысы башка инсандарга пайдасы тийгендер», – деп айткан.

Бул дүйнөдө адамдарга жардам берип, жакшы мамиледе болгондор жөнүндө Кереметтүү Куранда төмөнкүдөй баяндалат:

«Алла – жакшылык кылуучуларды сүйөт!» (Али Имран сүрөсү, 134-аят жана 148-аят);

«Жакшы иштерди жасап, такыба болгондорго – улуу сыйлык (бар)!» (Али Имран сүрөсү, 172-аят);

«Алла аларга бул себептеринен улам алдынан дарыялар аккан, түбөлүккө (аларга) кала турган бакчаларды белек кылат. Бул – жакшылык кылуучулардын сыйлыгы» (Маида сүрөсү 85-аят);

«Ким бир жакшылык кылса, ага андайдан он эсе бар. Ким бир жамандык кылса, ага ошондой гана жаза берилет» (Анаам сүрөсү 160-аят);

«Акыйкатта, ким жакшы иштерди жасаса, ага Алланын ырайымы жакын» (Арааф сүрөсү 56-аят);

«Алла – жакшы иш кылгандардын сообун текке кетирбейт» (Тооба сүрөсү, 120-аят);

«Чындыгында, Алла жакшы иш-амалдарды жасагандардын мээнетин текке кетирбейт» (Худ сүрөсү 115-аят);

«(Алла) жакшылык кылгандардын мээнетин текке кетирбейт» (Юсуф сүрөсү, 56-аят);

«Чындыгында, Алла – такыбалар жана жакшы иштерди жасоочулар менен бирге!» (Нахл сүрөсү 128-аят).

Жогорудагы Куран аяттарында айтылгандай, Алла Таала жакшылык кылуучуларды сүйүп, алардын соопторун текке кетирбейт. Алардын акырети Бейиш деп Куранда айтылып жаткан соң, жакшылык иштерде жарышалы.

Оо Жараткан Алла Таалам! Акыретте баарыбызды жакшылык кылуучулардын катарында болууну насип кылгын.

Даярдаган: Акпарали уулу Алибек, Ош шаардык мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси