Каш коём деп, көз чыгарып албайлы!

Ислам дининде эч кандай кемчилик жок. Балким аны карманган мусулман адамдын кемчилиги болуусу мүмкүн. Ошондуктан ар дайым башкалар үчүн үлгү боло турган жүрүм-турумда болуубуз кажет. Ошону менен бирге жашоодо адамга карата ар бир нерсенин акысы бар. Бул тууралуу Мадинага мухажир болуп барган Салман аль-Фарсий (р.а.) аттуу сахаба ансарлардан бир тууган болгон Абу Дардага (р.а.) төмөнкүдөй бир туугандык кеңешин айткан: «Жараткандын сенде акысы бар. Өз жаныңдын сенде акысы бар. Үй-бүлөңдүн сенде акысы бар. Ошондуктан алардын акысын бер!». Анткени ал ибадат кылуу үчүн бул дүйнө иштеринен алыстап, үй-бүлөсүнө жана өзүнүн ден-соолугуна көңүл бурбай калган эле. Бул сыяктуу окуя Абдулла бин Харис ал-Баахилий аттуу сахабанын да башынан өткөн. Ал келишимдүү жана келбеттүү сахабалардан эле, анын абалы бир жылда өзгөрүп кеткенин көргөн Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Сени мынчалык өзгөрткөн нерсе эмне? Сен келишимдүү жана келбеттүү элең го!» – деп таң калган. Абдулла: «Бир жылдан бери бир гана түнү тамак жеп, күндүзү орозо кармадым», – деп айтат. Ошондо Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Өзүңө эмнеге мынчалык азап бердиң?» – деп чектен ашканын айтып, Рамазан айынын орозосу менен бирге ар айда бир күн же эки күн орозо кармоону сунуштаган.

Биз канчалык жакшылык иштерди жана ибадаттарды аткарууну кааласак да, ал каалоонун мүмкүнчүлүккө жараша токтогон учуру боло тургандыгын Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Ар бир нерсеге карата күчтүү каалоонун болгондугу сыяктуу эле, ар бир күчтүү каалоонун да токтогон учуру болот. Эгерде бул эки абалды жашаган адам орто жолду таап, аны улантса, анын (кутулууга ээ боло тургандыгына) ишенем. Бирок (буларды чын ыкластан кылбастан) бармак менен көрсөтүлө турган абалга келсе, аны (Салих адамдардан) деп эсептебегиле!” – деп айткан.

Бул хадисте ибадатка же жакшылык ишке карата кайдыгер болуп, кол учу менен шашып бүтүрүү же өтө эле аша чаап, башка иштерин таштап, убактысын толук түрдө бир ишке байлап албастан, анын ортосунда болууну айткандыгын байкоого болот. Албетте, жакшылык иште жарышалы. Бирок ал ар дайым болуп туруусу үчүн өзүнө жараша мүмкүнчүлүккө ээ болуу зарыл. Анткени бир адам диндеги бардык амалдарды өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө карабастан аткарууга бел байласа, ал амалдарды аткарууда алсыз болуп калат. Ошондой эле динди башкалар үчүн оор көрсөтүп алуусу мүмкүн. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Дин – жеңил. Бир адам алы жетпеген ибадаттарды аткарууга аракет кылса, диндин алдында алсыз болуп калат. Ошондуктан өзүңөрдү кыйнабагыла. Туура жана орто жолдо болгула, (Салих амалдардан ала турган сообуңар үчүн) сүйүнгүлө…” – деп айтты.

Жакшылыкта же ибадатта бир жалт этип күйгөн отко окшобостон, өмүр бою жакшылык жасоо менен ийгиликке жетебиз. Анткени бир жолу катуу киришип, көп өтпөй аны таштап койгондор жөнүндө Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Күчүңөр жете турган иштерди кылгыла. Ант болсун! Силер таштасаңар да, Алла Таала таштабайт!..»  деп айткан.

Башка бир хадисте: «Эй адамдар! Силер орто жолду туткула. Силер таштасаңар да, Алла Таала таштабайт»  деп айтылган.

         Бир күнү Айша (р.а.): “Алланын эң көп сүйгөн амалы кайсы?” – деп пайгамбарыбыздан (с.а.в) сураганда, ага: “Аз болсо да ар дайым уланып турган амал”, – деп жооп берди жана сөзүн улап: “Алыңар жетишинче жоопкерчилик алгыла”, – деди.

Сандан сапатка өтүү керек дегендей, ибадат кылуудагы эң маанилүү нерселердин дагы бири – аны ыкластуулук менен аткаруу болуп саналат. Бул тууралуу пайгамбарыбыз (с.а.в) Муаз бир Жабалды (р.а.) Йеменге жөнөтүп жатып, “Диниңде ыкластуу бол! Ошондо аз амал да сага жетиштүү болот»,  деген кеңешин айткан.

Жакшылык иш же ибадат көпчүлүк менен кошо аткарылганда, мүмкүн болушунча жеңилдеткенге аракет кылуу керек. Анткени биздин күчүбүз жеткен нерсе жамаатка оор келип калуусу мүмкүндүгүн эске алуубуз керек. Албетте өзүбүздү эле эмес, өзгөлөрдүн да абалын унутпоо зарыл. Бул тууралуу пайгамбарыбыз (с.а.в): «Эй адамдар! Силер жек көрсөтүп жатасыңар. Адамдарга намазга өткөн киши (зериктирбей турган абалда) жеңил окусун, анткени жамааттын ичинде оорулуу, алсыз жана зарылчылыгы болгон адамдар бар”, – деп айткан.

Зекет же ажылык ибадаты сыяктуу парз болгон ибадаттар адамдардын күчүнүн жетишине карап аткарылат. Эгер күчү жетпей, мүмкүнчүлүгү жок болсо, ал адамга милдеттүү түрдө моюнуна жүктөбөйт. Ошондой эле, катардагы адам сапарга чыкса, анын бай же кедей болуусуна карабастан, ибадаттарды аткарууда жеңилдиктер каралган. Анткени Алла Таала пенделерине кыйынчылыкты каалабайт.

Бул тууралуу Кереметтүү Куранда төмөнкүдөй баяндайт:

«Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбө болсо (туш келсе) орозо тутсун! Ал (бул айда) бирөө ооруп калып же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Алла силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт» (Бакара сүрөсү, 185-аят)

Дагы бир аятта: “Алла ар бир жанга мүмкүнчүлүгү жеткен гана милдетти жүктөйт” – деп баяндалат. (Бакара сүрөсү, 286-аят)

Куш эки канаты менен учат дегендей, ислам дининде дүйнөгө берилип, артынан кууп жашабайт. Бирок ибадат кылам деп дүйнөдөн үзүлүп да калбай, тиричилигин өткөрөт. Буга мисал дарылык жагынан пайдалуу болгон бал, курма жана башка нерселер качан гана нормалдуу пайдаланылса, таасирин берет. Ал эми аларды керегинен ашыкча пайдалануу зыян болгону сыяктуу, аша чапкандык жакшы ишти да жаман кылып көрсөтүүсү мүмкүн. Ошондуктан бул тууралуу кереметтүү Куранда мындайча баяндалат:

“Биз силерди орточо үммөт кылдык” (Бакара сүрөсү, 143-аят)

Айтор, каш коём деп, көз чыгарып албайлы. Биздин аша чаап аткарган иштерибиз башкаларга оорчулук келтирип, динди жек көрүп калбасын. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Жеңилдеткиле, оорлоштурбагыла, сүйүндүргүлө, жек көрсөтпөгүлө”, – деп айткан. Өзүбүздү гана эмес, өзгөлөрдү да ойлоп кадам таштоо керек. Айрыкча азыркы учурда мусулман адамдын жүрүм-турумуна карап ислам дини жөнүндө кеп кылгандар көбөйүүдө. Ошондуктан башкаларга үлгү боло турган даражага жетүүгө аракет кылуубуз керек.

Даярдаган: Акпарали уулу Алибек, Ош шаардык мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси