Жашообуз күн сайын өзгөрүүдө. Жаңылыктын, технологиянын заманында жашап жатабыз. Аны менен катар ар бир нерседе улам изденүүнү талап кылган жагдайлар келип чыгууда. Ушундай эле нерсе тарбия жаатында да зарыл болуп турат. Тарбия демекчи, негедир акыркы мезгилдери ата-энелер тарбияга анчейин маани бербей калдык. Мындай жооптуу, сооптуу ошол эле учурда талыкпаган эмгекти, чоң сабырды талап кылган тарбия ишин кээ бир ата-энелер бала-бакчаларга, мектептерге оодарып салмайды адат кылып баратат. Тарбияга татыктуу маани берилбегендиктен, жаштар арасында уурулук, талап-тоноочулук, адам өлтүрүү, рэкетчилик кылуу, зордуктоо, кумар ойноо, наркомания, таксикомания (уулануу ышкысы) сыяктуу оор кылмыштарга кол ургандар көбөйгөндөн-көбөйүп барууда. Ал эле эмес, суицид (өз жанын өзү кыйгандар) көп кездешип калды.
Жаштарыбыз кабырганы кайыштырган мындай кейиштүү көрүнүштөргө эмне үчүн барышууда? Ага эмне же ким себеп деген сыяктуу суроолор күн сайын көтөрүлүп, айтылып, жазылып келгени менен азыранча көнүл жылытарлык алга жылуулар жок.
Ал эми бала тарбиясы туурасында Азирети пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) өзүнүн хадисинде: “Ар бир ымыркай исламдын фитратында төрөлөт, ата-энеси аны жөөт же тарса (христиан) же отпарас кылат”, –деп айткан (ибн Хиббан).
Хадиске маани берсек, жаңы төрөлгөн ымыркай мейли ал ким болбосун, улутуна, туулган үй-бүлөсүнө, жашаган аймагына карабай, энесинен туулганда эле исламга ийкемдүү боло тургандыгын айтып жатат. Тек гана анын кийин мусулман же христиан, тарбиялуу же тарбиясыз, илимдүү же илимсиз боло тургандыгы түздөн-түз ата-энесине байланыштуу экендигин дагы бир жолу тастыктап жатат.
Демек, балдарыбыздын жакшы адеп-ахлакта, ыймандуу, адамгерчиликтүү же тескерисинче адепсиз, ууру-кески, орой, рэкет сөрөй болуусу да ата-энесине түздөн-түз байланыштуу болот. Бекеринен элибиз: “Куш уяда эмнени көрсө, учканда ошону кылат” деп айтпаган чыгар. Ал эми даанышмандар, “Уулуңа адепти сөз менен эмес, өрнөк менен үйрөт” – деп айтышат. Андыктан ар бир ата-эне балдарынын тарбиялуу болуусу үчүн эң башта өздөрү тарбиялуу болуусу керек. Ошондо балдар-кыздарыбызга айткан кеп-кеңеш, акыл-насаатыбыз жугумдуу болот.
Балдар биздин жолубузду улантуучулар. Биз жетпеген бийиктиктерге, ийгиликтерге алардын жетишине моралдык, материалдык жактан жакындан жардам берүүбүз керек.
Кереметтүү Курандын эң алгачкы аяты “Оку” деп түшкөн. Андыктан жаштарыбызды диний, мейли эл жашоосунун жакшырышына жардам берип, Мекенибиздин өнүгүүсүнө өз салымын кошо турган пайдалуу илимдерди алуусуна багыт берүүбүз керек.
“Өнөрлүү өлбөйт” дейт кадырман калкыбыз. Анын сыңарындай келечек муундарыбыздын өнөр үйрөнүп, калкыбызга кызмат кылууларынын камын көрүүбүз керек. Анткени, эртеңки күндүн эгедерлери куду ушул сиздер менен биздин балдарыбыз болуп эсептелет.
Илим алууда балдарыбызды Алла Тааланын сөзү болгон Куранды окутууга, жаттатууга, анын маанилерин түшүнүүгө да зор маани берүүбүз абзел. Анткени, Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в): “Ким кереметтүү Куранды окуса жана ага амал кылса, анын ата-энесине Кыямат күнү таажы кийгизилет. Анын нуру күндүн нурунан да нурдуу болот. Эгерде (мына бул) күн силердин үйүңөрдө болсо, анда Кереметтүү Куранга амал кылган адам тууралуу силердин кандай оюңар бар?!”– деген (Бухари 1359, Муслим 2658).
Демек, биз эки дүйнө бактылуу бололу десек, эң оболу өзүбүз тарбиялуу болуубуз керек. “Тарбияда танапис жок” дегендей балдарыбыздын мыкты адам болуусу үчүн тарбия ишине такай көңүл буруп, мугалимдерге, тарбиячыларга жакындан жардам берип, кол-кабыш кылуубуз кажет. Мындай кадамдарыбыз менен биз келечекте мыкты коомдун курулушуна өз салымыбызды кошкон болобуз. Ушуну унутпасак, урматтуу замандаш.
Даярдаган: Ибрагим Ильяс уулу, Ош облустук казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси