Нематулла ажы Жээнбеков айрым диний объектилерди тез арада каттоодон өткөрүү тапшырмасын берди

Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков облус аймагындагы айрым эсептик каттоодон өтө элек мечиттер боюнча жыйын өткөрүп, тез арада эсептик каттоодон өткөрүү боюнча тапшырма берди. Облус казысы мындан сырткары уруксаты жок диний багыттагы окутуу, тарбия иштерин жүргүзүүлөргө көзөмөл кылуу талабына да басым жасады.

Белгилей кетсек, облус аймагындагы айрым район, шаарларда жаңыдан курулган же башка себептерден улам каттоосу кечеңдеп жаткан мечиттер бар. Мындан улам аларды тез аранын ичинде документтештирүү талап кылынды.