Лейлекте «Ар бир бала бактылуу жашоого укуктуу» аттуу темада окуучулар менен жолугушуу болуп өттү

Лейлек районундагы «Самат» атындагы орто мектебинде «Ар бир бала бактылуу жашоого укуктуу» теманын алкагында жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Лейлек районунун акиминин орун басары Максатай Каримбердиева, Лейлек районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жемуратов, Лейлек райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысынын орун басары Суйоркул Кенжебаев, Самат айылынын айыл башчысы Кубаныч Искендеров, Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби Алмухамед Мизамидин уулу, ошондой эле жалпы мугалимдер  катышты.

Иш-чарада  балдар дайыма ата-эненин жана мамлекеттин камкордугу менен коргоосуна муктаж экендиги, алардын өмүрү менен ден-соолугу, билими менен коопсуздугу, келечеги үчүн жалпы коом жоопкерлиги айтылды. Ошондой эле ар бир бала бактылуу балалыкка, татыктуу жашоого жана жаркын келечекке ээ болууга укуктуу экендиги баса белгиленди.