Интернет тууралуу атанын баласына болгон насааты

Балам! Google, Facebook, whatsapp, Twitter жана башка интернет желелери деңиздей терен. Ал деңизге көп адамдын адеп-ахлагы чогуп, көпчүлүгү акылын таппай калды. Алардын арасында жашы да, карысы да бар. Бул деңиздин көбүгү эле секелек кыздардын уятын өзүнө сиңирип, толкуну көп адамдарды өзү менен алып кетти. Сен бул деңизге түшөөрдө сак бол.

Уулум! Бал аарыдай тазаларды танда, өзүңө да өзгөлөргө да пайдалуу болгон барактарды  баракта.

Тазага да, ыпласка да көнүп, адамдарга оору жугузган чымындай болбо!

Уулум! Интернет базар сыяктуу, анда эч ким буюмун бекер бербейт. Баары пайда табууну көздөйт. Кээ бирлери адеп-ахлакты бузгусу келсе, дагы башкалары туура эмес пикирин таңуулагысы келет. Алардын арасында атак-даңкка жеткиси келгени да, туура багыт берген жакшылары да бар. Эч качан буюмдарды жакшылап көрбөй туруп сатып алба!

Уулум! Өзүң тааныбаган адамдар менен байланышпа. Анткени, алардын көбү тузагын жайган анчыдай аңдып, бузук ниетин ишке ашырууга бел байлаган.

Уулум! Мыскыл, тамаша, ушак айындарды жайылтуудан сактан. Мындайларга пикир жазып убакыт коротпо, башкаларга бөлүшпө. Сага сооп же күнөө алып келе турган иштер бар, ошондуктан буюмду текшерип, анан сатып ал.

Уулум! Пикир жазуудан же маалыматты бөлүшүүдөн мурда, ал Жараткан Алланы ыраазы кылабы, же Алланын азабына дуушар кылабы, ушуну жакшылап ойлон!

Уулум! Көзүң көрбөгөн кишинин достугуна ишенип алба, адамдарга жазганына карап баа бербе.

Карышкырдын терисин жамынып алгандар көп. Алардын сүрөттөрү өзгөртүлгөн, адеп-ахлагы жасалма. Сөздөрү жылуу, бетине беткап кийип, жалганды чын, чынды жалган кылып айтышат. Өзүң  диндар көрсөткөн адамдар жеткен динбезер болушу мүмкүн. Кооздуктардын артында эмне жашынып жатканы белгисиз. Берешен көрүнгөн адамдар сараң, баатыр көрүнгөндөр коркок болушу мүмкүн.

Уулум! Атын өзгөртүп жасалма ат койгондордон сак бол, анткени алар өздөрүнө ишенишпейт. Өзүнө ишенбеген адамга сен да ишенбе! Эч качан өз атыңды өзгөртүп жасалма ат коюп алба, анткени Аллах Таала жашыруун, сыр нерселердин бардыгын билет.

Балам! Сенин көңүлүңдү ооруткан адамдын көңүлүн сен оорутпа! Анткени ал ошол аркылуу өзүнүн адеп-ахлагын, сен да өзүңдүн адеп-ахлагыңды  көрсөтөсүн. Казанда бар чөмүчкө чыгат, ошондуктан тентекке теңелип терек бою секирбе!

Балам! Жазардан мурда ойлон, анткени сен жазып жаткан кезде периштелер да сенин жазгандарыңды жазып жаткан болот. Аллах Таала бардыгын көзөмөлдөп, көрүп турат.

Балам! Интернет деген коркунучтуу деңизде арамды көрүүңдөн корком. Эгер напсиң арамга тартылса, андан жырткычтан качкандай кач, антпесе барар жериң тозок болуп, акыбетиң өкүнүчтүү болот. Эгер арамдан алыс боло алсаң, анда коом менен байланыш түз, интернет аркылуу элиңе, диниңе кызмат кыл.

Балам! Шайтандын эң кучтуу куралы пенделерди капылетте калтыруу жана напси каалоосун ээрчүүгө үндөө.  Ушул экөөсүндө интернет шайтандын досу.

Интернет сени капылетте калтырбасын, ал сени эмес, сен аны колдон! Ал сенин келечегиңди кулатпасын, тескерисинче сен ал аркылуу өзүңдүн келечегиңди тургуз. Кыямат күнү интернет сенин каршыңа эмес, сенин пайдаңа күбөлүккө өтө тургандай пайдалан!!!

 

Булак: Nasaat.kg

Автор:
Абдишүкүр ажы Нарматов