Ажылык

Алла Таала адамзатты жаратып аларга акыреттеги түшүмүн көп кылып камдоо үчүн  пенделер толук бактылуулука жетүү үчүн Ислам динин белек катары тартуу кылган. Мына ошол Ислам дини негизинен беш түркүктүн үстүнө курулгандыгы тууралуу төмөндөгү хадистерде келген. Ибн Умар (Алла андан ыраазы болсун) баяндайт: Пайгамбарыбыз (Алланын салам жана салаваттар болсун) айтты: «Ислам дини беш түркүктүн үстүнө курулган.

1-Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана Мухаммад (Алланын салам жана салаваттар болсун) Анын элчиси экендигине күбөлүк берүү

2-Намазды тургузуу

3-Зекет берүү

4-Рамазан айынын орозосун кармоо

5-Ажылык кылуу. Жолуна кудурети жеткен кишиге ажылык милдетин аткаруу». (Бухари,Муслим)

Ушул жогоруда эскерилген хадистеги эң акыркы болуп айтылган амал бул ажылык амалы болуп эсептелет. Ошондуктан барыбыз ушул Ислам дининин түркүгү болгон беш амалды толук аткарууга шашылуубуз керек. Бирок, ар бир амалды ким, кандай аткаруу керек экенин өз темалары боюнча кеңири баяндалган китептерге көз жүгүртүү керек болот. Менин бул жерде айтайын дегеним, болгону ажылык амалын аткарууга кандай даярдыктарды көрүү керектиги жөнүндө  гана кыскача маалымат бере кетүү.

Ажылыктын пайдасы жана өкүмдөрү тууралуу көптөгөн аяттар түшүп, Пайгамбарыбыз (Алланын салам жана салаваттар болсун) да бир нече хадистерди айтып кеткен. Ошондуктан бир азын үлгү катары жана элдердин ажылыкка баруусуна себеп болуусун Алладан тилеп, айтып өтөбүз.

Ыйык Куранда Алла Таала айтат: «Адамдарды ажылыкка чакыр. Алар (сага) жөө жана арык төөнүн үстүндө абдан алыс жолдордон келишет. Алар өздөрүнө арналган пайдаларын көрүшсүн…» (Хаж 27-28 – аят)

Ошондой эле дагы бир хадисте мындай деп айтылат,  Ибрахим (ага Алланын саламы болсун) Каабаны куруп бүткөндө Алла Таалага мен куруп бүттүм деп кайрылды. Ошондо, Алла Таала элдерди ажылыкка келүүгө жарыя кыл деп өкүм берди. Ибрахим (ага Алланын саламы болсун):“О, Аллахым! Менин үнүм элдерге кантип жетет”, — деди. Алла Таала: “Үндү жеткирүү Менин жоопкерчилигимде”- деди. Ошентип, ал жарыя кылганда, анын үнүн асман – жердин ортосундагы бардык жан укту.

Бул жарыя жөнүндө жогорудагы аятта ачык – айкын айтылды. Бүгүнкү күндө бул жарыянын элдерге кантип жеткендиги тууралуу талаш – тартыш кылып же, таң калып олтуруунун кажети деле жок. Анткени, уюлдук телефон менен бир мамлекеттен экинчи мамлекетке үн жетип турат. Бул аппараттарды жасаган адамдарды жараткан Алла, үндү бардык жанга жеткире албай калуусу мүмкүн эмес.

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) баяндайт: Пайгамбарыбыз (Алланын салам жана салаваттар болсун) айтты: «Ким күнөө жасап, жаман сөздөрдү айтпастан Алла үчүн ажылык кылса, ал энеден төрөлгөндөй (күнөөдөн таза болуп) кайтат». (Бухари Муслим)

Дагы бир хадисте келген: Умар (Алла андан ыраазы болсун) бир жолу Сафа жана Марванын ортосунда олтурган эле, бир жамаат келип төөлөрүнөн түшүп, Алланын үйүн таваф (айлануу) кылышты жана Сафа – Марванын ортосунда жүрүш жасашты. Умар (Алла андан ыраазы болсун): “Силер ким болосуңар?” – деп сурады. Алар: “Ирак элинен болобуз”, – деп айтышты. Умар (Алла андан ыраазы болсун): “Эмне үчүн келдиңер?” – деди. Алар: “Ажылык кылуу үчүн келдик”, – дешти. Умар (Алла андан ыраазы болсун): “Башка максатыңар жокпу?” – деди. Алар: “Башка максатыбыз жок”, – дешти. Ошондо Умар (Алла андан ыраазы болсун): “Жаңыдан амал кылгыла, -себеби, мурдагы күнөөңөр кечирилди – деди.

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) баяндайт: Пайгамбарыбыз (Алланын салам жана салаваттар болсун) айтты: «Эң жакшы ажылыктын сообу Бейиш гана болот». (Бухари,Муслим)

Кээ бир аалымдар жакшы ажылык дегенди бир дагы күнөө кылынбай аткарылган ажылык дешкен. Ушул себептен көптөгөн аалымдар бул сөздү «Хаж Макбул»кабыл болгон ажылык, деп которушкан.

Сахл бин Саъд (Алла андан ыраазы болсун) баяндайт: Пайгамбарыбыз (Алланын салам жана салаваттар болсун) айтты: «Эгер ажылык кылып жүргөн киши «Лаббайк» десе, анын оң жана сол жагындагы ташта, дарактар, дөңсөлөр дагы «Лаббайк» дешет. Ошентип, бул жерден жердин аягына чейин ушундай боло берет». (Тирмизий)

Ажылык кылып жүргөн адамдын «Лаббайк» деп айтканына эле эмес, анын ар бир амалына сооп жана даражалар берилет.

Бир хадисте мындай деп келген, Абдулло бин Умар (Алла андан ыраазы болсун) баяндайт: “Мен Мина мечитинде Пайгамбарыбыздын (Алланын салам жана салаваттар болсун) алдында элем, бир нече Ансарий менен Сакафийлик кишилер келишип намаз окуп бүтүп салам бергенден кийин Пайгамбарыбызга (Алланын салам жана салаваттар болсун): “Биз бир нерсени билүү үчүн келдик” дешти. Пайгамбарыбыз (Алланын салам жана салаваттар болсун) айтты: “Кааласаңар өзүңөр айткыла, Эгер кааласаңар эмнени суроо үчүн келгениңерди мен айтайын деди”. Алар: “Сиз айтыңыз”, — дешти. Пайгамбарыбыз (Алланын салам жана салаваттар болсун) айтты: “Силер ажылык жөнүндө сурайын дедиңер беле. Ажылык кылган адамга канча сооп берилет, тавафтан кийин эки рекет намаз окуунун кандай пайдасы бар, Сафа – Марванын ортосунда жүргөнгө канча сооп берилет, Арафатта туруу, шайтанга таш атуу, курмандык чалуу жана таваф кылуунун сообу канча?” ушул суроолор беле, Алар: “Сизди пайгамбар кылып жөнөткөн Затка касам! Ушул суроолор биздин оюбузда болчу”, – деп айтышты. Пайгамбарыбыз (Алланын салам жана салаваттар болсун) айтты: Үйдөн ажылык ниетинде чыккандан баштап силердин төөңөр (улооңор) кадамын койсо же, көтөрсө силердин амал дептериңерге бир сооп жазылат жана бир күнөө кечирилет. Ал эми тавафтан кийин окулган эки рекет намаздын сообу бир кулду азат кылганга барабар. Сафа – Марвада жүрүүнүн сообу жетимиш кулду азат кылганга барабар. Арафат майданына элдер чогулганда, Алла Таала өзүнүн периштелерине мактанат: “Менин пенделерим алыскы жерлерден, чачтары уйпаланган абалда Менин рахматымды үмүт кылып келишти. Эгер силердин күнөөңөр, кумдун санынча, жамгырдын тамчысынча, деңиздин көбүгүнчөлүк болсо да кечиремин. Эй, Менин пенделерим! Кечирилген абалда кеткиле! Силердин жана силер ортомчу болгон кишилердин да күнөөлөрү кечирилди” деп айтат. Андан Пайгамбарыбыз (Алланын салам жана салаваттары болсун) айтты: “Шайтанга таш атуунун ар биринде адамды жок кылуучу күнөөлөрү кечирилет жана курмандык чалуу Алланын алдында казына болуп турат. Чачын алганда ар бир түгүнө бир жакшылык жазылат жана бир күнөө кечирилет, ушулардан кийин таваф кылса, анда бир да күнөөсү жок абалда калат. Анан бир периште ал кишинин далысына колун коюп, келечекте жаңыдан амал кыл. Себеби, мурдагы күнөөлөрүң кечирилди – дейт.

Азат (кул эмес), балагатка жеткен, акылдуу, (акылынан тайбаган, жинди эмес), ден – соолугу чың, бай адамдардын баарына ажылык амалын аткаруу фарз болуп саналат. Ошондуктан ар бирибиз ушул айтылгандарга көңүл коюп, баарын толуктап, анан ажылыкка аттануубуз шарт. Арабызда мен ажылык амалын аткарам деген бир туугандарыбыз ушул шарттарга көңүл бурбастан өзүн – өзү кыйнап жаткандар да кездешпей койгон жок. Ошондуктан мен мусулман бир туугандарга ушул шарттарды кеңири түшүнүп алууну сунуш кылат элем.

Ажыга баруучуга биринчи шарт

Азыркы заман кулдуктун учуру эмес болсо да, бирок Пайгамбарыбыздын (Алланын салам жана салаваттар болсун) заманындагы шарияттын өкүмдөрүнөн маалымат бере кетели.

Ажылык амалын аткарууга ниет кылган адам кулдуктан бошотулган же кул болбогон азат адам болуусу шарт. Анткени Пайгамбарыбыз (Алланын салам жана салаваттар болсун) айткан: Кайсы бир кул, кул болгон абалында он жолу ажылык амалын аткарган болсо да, азат кылынгандан кийин ага кайрадан ажылыкка баруу фарз болот” деген.

Ушул айтылган хадистин негизинде кул адамга ажылык кылуу фарз эмес деп айтабыз.

Эгерде кайсы бир кул адам ажылык кылуу үчүн ихрам кийсе, андан кийин ажылыкты аткарып бүткөнгө чейин (тактап айтканда Арафат тоосунда туруу фарзы аткарылып бүткөнгө чейин) кожоюну аны азат кылып жиберди. Ошондо ал кийген ихрамын чечип, кайрадан башка ихрам байлап фарз болгон ажылыгын аткарууну кааласа да, ал фарз болгон ажылыктан кутулбайт.

Балагатка жетүү шарты

Ажылыкка даярданып жатканда балагатка жетүүгө да жакшылап көңүл коюу зарыл. Анткени Пайгамбарыбыз (Алланын салам жана салаваттар болсун) айткан: Балагатка толо элек жаш бала он жолу ажылык кылса дагы, балагатка жеткенден кийин кайрадан ажылык кылуу ага фарз болот” деген.

Ошондой эле жаш бала балагатка жете элегинде кайсы ибадатты аткарбасын,  анын амалы нафил болуп калат. Ал эми нафил ибадат эч качан фарз амалга  орун басар боло албайт. Ошондуктан балагатка жеткенден кийин гана ага фарз болот жана мойнундагы милдеттендирилген фарз амалды аткаруусу ага зарыл.

Ден – соолугу чың болуу шарты

Эгерде бир адам оорукчан болсо ага ажылык фарз эмес. Анткени белгиленген бир убакта дүйнөнүн булуң – бурчтарында жашаган бардык мусулмандар ажылык өкүмүн аткаруу үчүн келишет. Ошол учурда тыгын болот. Ал эле эмес узак сапарда жүрүп калат. Ал эми сапарды Пайгамбарыбыз (Алланын салам жана салаваттар болсун): «Сапарга чыгуу азаптын бир бөлүгү» — деген. Анткени сапарда ар түрдүү оор кырдаалдарга дуушар болушу мүмкүн. Ал эми оорулуу адам ошол кыйынчылыкта кыйналбасын үчүн Алла Таала анын мойнунан фарз милдетти алды. Алла Таала Курани Каримде айткан: Алла Таала эч кимге күчү жетпеген нерсени буюрбайт”. (Бакара 286 – аят).

Кээ бир фикх аалымдары карып калгандыктан, ал-күчтөн тайган карыяларга да фарз эмес деп айтышкан. Анткени алар да көп элдин арасындагы тыгылышта кыйналып калышат дешет. Азыркы күндө да балдары иштеп акча таап ата – энелерин ажылыкка жөнөтүп жаткан кээ бир жаштарды көрүп жатабыз. Алардын ата – энелери ажылык сапарында жүрүп аларга көмөк көрсөтүүчү балдары жанында жок болгондуктан, өз балдарынын ажылыкка жөнөткөнүнө да капа болушуп, кейип калышат. Ошондуктан жаш кезинде, күч – кубаттуу болгон учурда ажылык фарзды аткарып калуу керек.

Бирок, биз техникалар өнүккөн доордо жашап жатканбыз, азыр тез арада учуучу жумшак учактар менен барып ажылык сапарын өтөөгө кеңири шарттар түзүлгөн. Ошондуктан киши канчалык карыса да ажылык фарзы  анын мойнунан түшүрүлбөйт. Бирок ошол картайган чоң ата – чоң энелерге кызмат кылып алар менен чогуу балдары да барса өтө жакшы болот.

Акыл-эсинин жайында болуу шарты

Акылынан тайган, жинди адам бай болсо да ажылык амалын аткаруу фарз болбойт. Анткени Пайгамбарыбыз (Алланын салам жана салаваттар болсун) айткан: “Кайсы бир акылсыз адам ажылык амалын аткарса, андан кийин акылына келсе, анда ага кайрадан ажылыкка баруу керек болот” деген.

Себеби, акылынан тайыган адамдын фарз болгон амалдардын баарын аткаруусу милдет эмес. Ошондуктан ага акылы жайына келгенден кийин фарз амалын өтөө шарт болуп калат.

Бай болуу шарты

Ажылыкка барууга жол каражаттарын (кайра кайтып келгенге жете турган) тамак – ашын жана ал кайтып келгенге чейинки үй – бүлөсүнүн нафакасын толук кылууга кудурети жеткен адамга ажылык фарз болот.

Бардык өкүмдөрдөн өзгөчөлөнүп, исламдын  негизги бир түркүгү болгон ажылык фарзы, бай адамдарга гана милдеттүү түрдө жүктөлгөн. Жогоруда айтылган сөз да байларга гана фарз экенин далилдейт. Бирок байлыктын деңгээли ажылык амалын аткаруучу адам сапарынан кайтып келгенче өз үй – бүлөсү эч кандай дүйнөлүк муктаждыктарда кыйналып калбоосу керек. Эгерде бир кишиде ажыга барып келүүгө жете турганчалык акчасы болсо, бирок ошол акчаны ажыга баруу үчүн сарптаганда үй – бүлөсү, ал ажыдан кайтып келгенче ачка калуу коркунучу болсо, андай адамга ажылык амалы милдет эмес. Мындай адамдарга ажылык амалын аткаруудан көрө, өз үй – бүлөсүнүн  тамак ашын  берип, багып туруусу жакшыраак. Бирок, көңүл буруу зарыл болгон нерсе бай болуп да ажылыкка барып келүүгө сарпталуучу байлыгын ажылыкка эмес, тескерисинче башка нерселерге жумшап, ажылык сапарын таштап коюу бул күнөө болуп эсептелет. Ошондуктан,  колунда бардар инсандар болгон аракетин көрүп ажылыкка барса, Алла Таала анын күнөөлөрүн толук кечирет.

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) баяндайт: Пайгамбарыбыз (Алланын салам жана салаваттар болсун): «Ким күнөө жасабай, жаман сөздөрдү айтпастан Алла үчүн ажылык кылса, ал энеден төрөлгөндөй күнөөдөн таза болуп кайтат» деп айткан. (Бухари,Муслим).

Жогоруда ажылыктын фазилеттери жана андагы кылына турган амалдарга бериле турган ажыр – сооптор айтылып кетти. Мына ушул айтылгандын баары ниетке жараша болот ошондуктан ниетибизди оңдоп, ошону менен бирге көздү, тилди сактоо да зарыл. Ошондуктан урматтуу мусулмандар! Көптөгөн кыйынчылыктарды көтөрүп, машакаттарына чыдап баргандан кийин, бул ажылык амалыбыз эл көрсүн жана ажы деген наамга жетүү ниетинде болуп, шайтанга жем болуп сооптон куру калбайлы. Алла Таала сиздердин кылып жаткан ажылык амалыңыздарды кабыл кылсын.

Алла Таала баарыбызга ажылык өкүмүн аткарууга мүмкүнчүлүк берсин Аамин!

 

Макаланы даярдаган:

КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдош ажы Абдылдаев