Эки жүздүү адамдар тууралуу

«Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка калат» демекчи, кимге оомат келсе, күнкарама сыяктуу анын артынан ээрчиген адамдар да жок эмес.

Азирети Умардын (р.а.) риваятына караганда, пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Мунафык – эки короонун арасында барып келген кой сыяктуу. Бирде бул короого, бирде тигил короого барат», – деп айткан.

Эки жүздүү кишилер сөзүндөй эле, өздөрү да өзгөрүп кете берет. Аларды хамелеон жаныбарындай көрсөк болот. Алар айланасына ылайыктап өз түсүн өзгөртө алат. Сырты жалтырак, ичи калтырак болгон адамдарга карата Мавляна Жалалидин Руми: «Болгонуңдай көрүн же көрүнгөнүңдөй бол», – деп айткан. Анткени кой терисин жамынган карышкыр сыяктуу жашоодо өз пайдасы үчүн эки жүздүүлүк кылган адамдар эң кооптуу болуп саналат. Тарыхка көз чаптырып көрө турган болсок, чоң империялар сырткы душмандын кол салуусунан эмес, ички душмандын чыгарган түрдүү чыр-чатак оюндарынан алсыраган.

Ичи-сырты бир болбогон, диний ишенимде да эки жүздүү болгон адамдар тууралуу Кереметтүү Куранда төмөнкүдөй баяндалат:

«Элдердин арасында кээ бирөөлөр: “Биз Аллах Таалага жана Кыямат Күнүнө ишенебиз” – дешет. Бирок алар ишенишпейт.Алар Аллахты жана Ага ишенген ыймандууларды алдоого аракеттенет. Бирок алар өздөрүн гана алдашат, муну өздөрү да сезишпейт. Алардын жүрөгүндө оору бар. Аллах алардын оорусун дагы да күчөтөт. Жалган сүйлөгөндөрү үчүн аларга жан чыдагыс азап бар (Бакара сүрөсү, 8-9-10-аяттар).

«Алар ыймандууларга жолукканда: “Биз ишенебиз”, – дешет. Бирок өздөрүнүн шайтандары менен өздөрүнчө калганда: “Биз силер мененбиз, тиякта болгону – тигилерди шылдыңдап жатабыз”, – дешет». (Бакара сүрөсү 14-аят)

Ухуд согушунда кетип калган мунафыктар сыяктуу, башыңызга оор күндөр келгенде таштап кеткен күнкарама адамдар дагы жок эмес. Аллахым баарыбызды ыймандуу дос-замандаштар менен бирге кылсын.

Даярдаган: Акпарали уулу Алибек, Ош шаардык мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси