Намазда сөөмөй көтөрүү маселеси

Имам Раббааний (рахимахуллах) “Ишаарату саббааба” жөнүндө

Ахмад ибн Абдулахад ибн Зайн Ал-Абидийн Ас-Сирхиндий Ал-Фарукий Ан-Накшбандий (971-1034/1564-1624) куддисасирруху Имам Раббааний аты менен таанылган накшбандийликтин мужаддидия (жаңылануу) тармагына негиз салган, “Алтын силсиланын” улуу калкасынын ээси. Ал “Мужаддиди алфи саани” – “Экинчи миң жылдыктын мужаддиди” катары даңазаланат. Ал чындыгында өз доорунун Хиндустандан чыккан  мужаддиди – динди бидъат жана түрдүү токумалардан тазалоочусу, диний илимдерди өркүндөтүүчүсү деп эсептелген. 

Имам Раббаанийдин (рахимахуллах) тасаввуф жана акыйдага таандык бир канча чыгармалары болсо да, бирок ага жиберилген каттарга жооп бергендиги атак таптырган.  Алар муриддери тарабынан “Мактубаат” деген ат менен үч том кылып, автордун доорунда эки том, кийин бир томго чогултулган. Алар жалпы 313+99+123 каттардан түзүлгөн болуп, накшбандия тарийкатынын назарий жана амалий көз караштарын үйрөнүүдө, айрыкча, мужаддидия багытындагы таалимдерди билүүдө аябай олуттуу болгон.

Намазда “ишаарату саббааба” деген амал бар. “Ишаарату саббааба” – бул намазда ташаххуд окуу жараянында калимаи шахаадатты айтып жаткан учурда оң колунун сөөмөй манжасын көтөрүп коюп тавхид ишаарасын аткаруу. “Ишаарату саббаабаны” кылуу же кылбастык жөнүндө ханафий мазхабында эки башка пикир билдирилген. Айрым аалымдар аны кылуу сүннөт дешсе, айрымдары аны кылууну арам, макрух же кылбаган жакшыраак деп айтышкан. Имам Раббааний (рахимахуллах) ханафий мазхабынын аалымы катары “ишаарату саббаабаны” кылбоону жактаган. Ага өзү ылайык деп санаган бир канча далилдерди көрсөтүп өткөн.

Маварауннахрдын калкы накшбандия тарийкатында көбүрөөк Имам Раббаанийдин (рахимахуллах) мужаддидия тармагынын өкүлү болгондугунан, ошондой эле Орто Азиядан чыккан көптөгөн факихтер “ишаарату саббаабаны” кылбоону макул көрүшкөндүгүнүн себебинен бул өлкөнүн мусулмандары “ишаарату саббаабаны” кылбай келишүүдө.

Имам Раббааний (рахимахуллах) өзүнүн “Мактубатындагы” бир катты “ишаарату саббаабанын” өкүмүнө арнаган. Биз мына ушул каттагы маалыматтарды кыргыз тилинде окурмандарга сунмакчыбыз:

Үч жүз он экинчи кат

“Мир Мухаммад Нуъманга “ишаарату саббаабанын” тахкики (аныктамасы) жана бул жөнүндө ханафий аалымдардын ыктыяр кылган маселеси жаатында суралган суроого жооп иретинде жиберилген кат.

Бүткүл ааламдардын Роббиси Аллахка мактоолор болсун! Пайгамбарлардын саййидине, Ал Заттын набий жана расул болгон пайгамбар досторуна, мукарраб периштелерге жана салих пенделердин баарына салават жана саламдар болсун!

…Дагы суралган экен, “ишаарату саббаабаны” кылуу жааиз (мүмкүн-уруксат) экендиги жөнүндө Мавлаана Аъламуллах бир рисала (атайын кат) жазып, аны бизге жиберген экен. Эй, Махдум! “Ишаарату саббаабанын” жааиздиги жөнүндө Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) хадистери өтө көп. Ханафий фикхинин айрым риваяттарында да мына ушул тема боюнча маселелер бар. Себеби, Азирети Мавлаана ушул рисаласында айтып өткөн.

Бирок, ханафий фикхи китептерин жакшылап карап чыгылса, “ишаарату саббаабаны” кылуунун жааиздиги жөнүндө риваяттар “Усул” риваяттарынан башка жана “Зохируриваяттан” өзгө. Имам Мухаммад Аш-Шайбанийдин (рахимахуллах) төмөндө айткандары  “Навадир” маселеси “Усул” риваяты эмес:

كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ يُشِيرُ. وَ نَصْنَعُ كَمَا يَصْنَعُ النَّبِىُّ عَلَيْهِ وَ عَلَىٰ آلِهِ الصَّلَوٰةُ وَ السَّلَامُ ثمُّ قَالَ: هٰذَا قَوْلِى وَ قَوْلُ أَبِى حَنِيفَةَ رَضِىَ اللهُ عَنْهُ.

“Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) ишаара кылат эле. Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) кылгандай биз да кылабыз. Бул менин жана Абу Ханифанын (рахимахуллах) сөзү!”.

Гараиб фатва жыйнагында “Мухиттен” келтирилген:

هَلْ يُشِيرُ بِإِصْبَعِهِ السَّبَّابَةِ مِنْ يَدِهِ الْيُمْنَىٰ لَمْ يَذْكُرْ مُحَمَّدٌ رَحِمَهُ اللهُ هٰذِهِ الْمَسْئَلَةَ فِى الْأَصْلِ وَ قَدِ اخْتَلَفَ الْمَشَائِخُ فِيهِ مِنْهُمْ مَنْ قَالَ: لَا يُشِيرُ وَ مِنْهُمْ مَنْ قَالَ: يُشِيرُ وَ ذَكَرَ مُحَمَّدٌ رَحِمَهُ اللهُ فِى غَيْرِ رِوَايَاتِ الْأُصُولِ حَدِيثًا عَنِ النَّبِىِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ أَنَّهُ كَانَ يُشِيرُ ثُمَّ قَالَ: هٰذَا قَوْلِى وَ قَوْلُ أَبِى حَنِيفَةَ رَضِىَ اللهُ تَعَالَىٰ عَنْهُ. وَ قَدْ قِيلَ أَنَّهُ سُنَّةٌ وَ قِيلَ مُسْتَحَبٌّ ثُمَّ قَالَ: هٰذَا فِيهَا مَا ذَكَرُوا وَ الصَّحِيحُ أَنَّ الْإِشَارَةَ حَرَامٌ.

Оң колунун сөөмөйү менен ишаара кылабы? Имам Мухаммад (рахимахуллах) ушул маселени “Усулда” айткан эмес. Машайыхтар бул жөнүндө түрдүүчө пикирде болушкан. Алардан айрымдары ишаара кылбайт дешкен болсо, кээ бирлери ишаара кылат дешкен. Имам Мухаммад (рахимахуллах) “Усулдан” башка риваятта Пайгамбарыбыздан (соллаллоху алайхи ва саллам) бир хадисти эскертип өткөн. Ал зат ишаара кылчу экен. Андан соң, “Бул менин жана Абу Ханифанын (рахимахумаллах) сөзү!”, – деген. Ага сүннөт да делинген, мустахаб да делинген. Кийин аалымдар айткан нерселер айтылган. Туурасы, албетте ишаара кылуу арам!”.

“Фатавайи Сирожияда” мындай делинген:

وَ يُكْرَهُ أَنْ يُشِيرَ بِالسَّبَابَةِ فِى الصَّلَوٰةِ عِنْدَ قَوْلِهِ أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلٰهَ إِلَّا اللهُ هُوَ الْمُخْتَارُ.

“Намазда “Ашхаду ан-ла илааа иллаллохту!” айткан учурда сөөмөй менен ишаара кылуу макрух болот. Мына ушул сөз ыктыяр кылынган!”.

“Фатавайи Кубродо” мындай делинген:

وَ عَلَيْهِ الْفَتْوَىٰ لِأَنَّ مَبْنِىَّ الصَّلَوٰةِ عَلَى السُّكُونِ وَ الْوِقَارِ.

Ушуга фатва берилген. Анткени, намаз сукуунат (жымжырттык) жана викардын (айбаттуулук) үстүнө курулган”.

«Фатавайи Гиясияда» мындай делинген:

مِنَ الْفَتَاوَىٰ وَ لَا يُشِيرُ بِالسَّبَابَةِ عِنْدَ التَّشَهُّدِ هُوَ الْمُخْتَارُ وَ عَلَيْهِ الْفَتْوَىٰ

“Фатаваларда келген, ташаххуд учурунда сөөмөйү менен ишаара кылбайт. Ал ыктыяр кылынган сөз жана ага фатва берилген!”.

“Жамиъ ар-румузда” мындай келтирилген:

لَا يُشِيرُ وَ لَا يَعْقِدُ وَ هُوَ ظَاهِرُ أُصُولِ أَصْحَابِنَا كَمَا فِى الزَّاهِدِىِّ وَ عَلَيْهِ الْفَتْوَىٰ كَمَا فِى الْمُضْمَرَاتِ وَ الْوَلْوَالِجِىِّ وَ الْخُلَاصَةِ وَ غَيْرِهَا وَ عَنْ أَصْحَابِنَا أَنَّهُ سُنَّةٌ فِى خِزَانَةِ الرِّوَايَاتِ مِنْ التَّاتَارْخَانِيَةِ ثُمَّ إِذَا أَخَذَ فِى التَّشَهُّدِ وَ انْتَهَىٰ إِلَىٰ قَوْلِهِ لَا إِلٰهَ إِلَّا اللهُ هَلْ يُشِيرُ بِإِصْبَعِهِ السَّبَابَةِ الْيَدِ الْيُمْنَىٰ لَمْ يَذْكُرْ مُحَمَّدٌ رَحِمَهُ اللهُ فِى الْأَصْلِ فَقَدِ اخْتَلَفَ الْمَشَائِخُ فِيهِ مِنْهُمْ مَنْ قَالَ: لَا يُشِيرُ وَ فِى الْكُبْرَىٰ وَ عَلَيْهِ الْفَتْوَىٰ وَ مِنْهُمْ مَنْ قَالَ: يُشِيرُ وَ مِنَ الْغِيَاثِيَةِ وَ لَا يُشِيرُ بِالسَّبَابَةِ عِنْدَ التَّشَهُّدِ هُوَ الْمُخْتَارُ.

“Ишаара кылбайт, (манжаларын) бүгүп албайт. Ал асхабтарыбыздын (ханафий мазхабы аалымдарынын) ачык усул эрежеси. “Аз-Захидийде” айтылган жана ага фатва берилген. “Ал-Музмаратта”, “Ал-Валвалижийде”, “Ал-Хулосада” жана башка булактарда келтирилген. Асхабтарыбыздан анын сүннөттүгү да айтылган. Бул “Хизанат ар-риваятда” “Татарханиядан” алып келтирилгаен. Андан соң ташаххудду окууну баштап, “Лаа илааха иллаллохга” жеткенде оң колунун сөөмөйү менен ишаара кылабы? Имам Мухаммад (рахимахуллах) “Аслда” муну айткан эмес. Машайыхтар бул жөнүндө түрдүүчө пикирде болушкан. Ишаара кылбайт дегендер да бар. “Кубродо фатва ушуга делинген. Ишаара кылат дегендер да бар. “Гиясияда” ташаххуд учурунда ишаара кылбайт делинген. Ыктыяр кылынган сөз ушул!”.

Ар канча муътабар (этибарга алынган) риваяттарда “ишаарату саббаабанын” арамдыгына ишаара кылынган болсо, “ишаарату саббаабанын” макрухтугуна фатва беришкен болсо, ишаарат жана акд (манжаларды түйүп алуудан) кайтарышкан болсо, аны “Захиру усули мазхаб” деп айтышса, биз мукалиддерге (мазхаб кармануучулар) хадистердин талабына ылайык амал кылып, “ишаарату саббаабага” батынууга күч жетпейт. Фатваларда айтылуусуна караганда, канчалаган мужтахид аалымдар арам, макрух жана манхий (тыюу салынган) иштерди кылуу болуп калат дешсе да, бул ишти биз кылган болуп калабыз го!

Ханафийликте аалымдар бул жаатта эки абалдан сырткары эмес дешеби? Мужтахид аалымдарга “ишаарату саббаабанын” жааиздиги жөнүндөгү таанылган хадистерди билбейт же ошол хадистерди билсе да, ал хадистердин талабына ылайык булар амал кылышпай, пикирлеринин талабына ылайык хадистерге терс иш тутушкан да “ишаарату саббаабаны” арам жана макрух дешкен. Бул эки абалга күмөн кылуу бузук кыялдан гана келип чыгат. Аны жалаң тентек жана кайсар адамдар гана айтуусу мүмкүн.

“Таргиб ус-солатта” келген, ташаххудда сөөмөйдү көтөрүү мутакаддим (оболгу) аалымдардын сүннөтү, мутаˈаххир (кийинки) аалымдар болсо мындан кайтарган. Рафизийлер бул жаатта гулувга кетишкен (өтө тереңге кетишкен) болчу, рафизий деген дооматка калбас үчүн суннийлер аны таштап коюшкан. Маселен, кара селдени Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) оронгон. Демек кара селде оронуу да сүннөт. Бирок, кара селде оронууну көбүрөөк рафизийлер (шиялар) адат кылып алышкандыктан, сунний аалымдар кара селде оронуу сүннөт болсо да рафизийлерге окшоп калбастык үчүн аны оронбоо жакшы деп айтышкан.  “Ишаарату саббааба” кылуу муътабар китептердеги риваяттарга терс келет. Себеби, асхабтарыбыздын “Захиру усулунда” “ишаарату саббааба” кылуу айтылган эмес, “акд” (манжаларды түйүп алуу) да айтылган эмес. Демек, “ишаарату саббааба” кылбоо өткөн аалымдардын сүннөтү болот. Анткени, жакшы күмөндө калуу үчүн манжа менен ишаара кылбоо керек болот.

Дин көсөмдөрүнө “ишаарату саббаабанын” арамдыгы же макрухтугу ачык болмоюнча, арам же макрух деп өкүм кылышкан эмес. “Ишаарату саббаабанын” сүннөт экендигин же мустахаб экендигин айткандан кийин деле “Туурасы ушул, ишаарат арам!”, деп айтышканынан маалым болот, сүннөт же мустахабдыгы жөнүндөгү далилдер мына ушул көсөмдөрдүн пикиринде сахих даражада болгон эмес. Тескерисинче ага карама-каршы болгон мааниси сахих даражада аларга жетип келген, бирок бизге ал жетип келген эмес. Мына ушундай деп айтышыбыз өткөн улууларга жалаа жабуу деп эсептелинбейт.

Эгер бирөө: “Алардын далилине каршы биздин далилдерибиз бар!”, десе, биз айтабыз: “Адал жана арамды дайын кылууда мукаллиддин илими этибарга алынбайт. Мында мужтахиддин күмөнү да этибарлуу болот. Мужтахиддердин далилдери жөргөмүштүн  желесинен да алсыз деп айтуу үчүн канчалык кайрат керек!”. Бул өз илимин мужтахиддердин илиминен өйдө коюу, ханафий аалымдардын “Захиру усулун” жокко чыгаруу, фатва берилген муътабар риваяттарга кайдыгерлиик кылуу жана “шазз” (жалгыз) риваятка теңөө болот. Ушундай терең билимдүү, такыбасы бийик болгон улуу заттар хадистерди Расуулуллахтын(соллаллоху алайхи ва саллам) заманына жакын болгон себептүү биздей алыс болгондордон жакшыраак билишкен. Хадистердин сахих жана заъийф, насх кылынган жана насх кылынбаганын бизге караганда көбүрөөк баамдашкан.

Улуу заттардын Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи ва саллам) хадисине амал кылууну таштап койгондугунун албетте өзүнө жараша далили болот. Биз сыяктуу баам-парасаты жетишсиз болгондор “ишаарату саббааба” жана “акддын” кандай аткарылуусу боюнча хадистердеги риваяттардын түрдүүчө экендигин гана түшүнүп билебиз. Түрдүүчөлүктүн (ихтилаф) көптүгүнөн “ишаарату саббааба” жөнүндө “изтираб” пайда болгон. Айрым риваяттарда ишаратты “акдсыз” – манжаларды бүкпөй эле аткаруу керектиги айтылган. Манжаларды бүгүп аткарылат делинген риваяттарда болсо “акд” элүү үч көрүнүшүндө аткарылуусу айтылган.  (Арабтарда ар бир сан жана номер кол манжаларын маалым бир абалда тутуу, бүгүү же жумуу аркылуу билдирүү адаты болгон). Башка риваяттарда болсо “акд” жыйырма үч көрүнүшүндө аткарылат делинген. Айрымдарында болсо чыпалак жана аты жок манжаны жумуп (кабз кылып), башбармак менен ортон манжаны калка (шакекче сыяктуу) кылып сөөмөйү менен “ишаарату саббааба” кылынуусу айтылган.  Бир риваятта баш бармакты ортон манжанын үстүнө коюп ишаара кылынат деп айтылган. Бир риваятта болсо оң колун сол санынын үстүнө, сол колун болсо оң бутуна коюп ишаара кылынуусу айтылган. Башка бир риваятта оң колун сол колунун артына коюп, муунду муунга жана билекти билекке коюп ишаара кылынган. Айрым риваяттарда бүт манжалар “кабз” кылынып ишаара кылынган. Бир риваятта сөөмөй тынбай кыймылдатып турулат делинсе, даги биринде такыр кыймылдатылбайт деп айтылган. Айрым риваяттарда ташаххуд учурунда анык убактысы айтылбай эле ишаара кылуу айтылган болсо, башкасында анык бир убакыт “шахаадат келмесин” айтуу учурунда кылынуусу белгиленген. Дагы бир риваятта дуба учурунда – “Я, мукаллибал кулууб! Саббит колбии ъалаа дийника!”, деп айткан учурда ишаара кылынат делинген.

Кыскасы, ханафий аалымдар “ишаарату саббаабаны” кылуу жөнүндөгү ровийлердин жана риваяттардын “изтирабын” көрө билишкен.

Намазда ашыкча ишти кыястын тескериси деп табышкан. Анткени намаз сукуунат (жымжырттык) жана викардын (айбаттуулук) үстүнө курулган”.

Анан намазда мүмкүнчүлүктүн барынча манжалар кыбыла тарапка карап туруусу сүннөт. Анткени, Пайгамбарыбыз(соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деген:

فَلْيُوَجِّهْ مِنْ أَعْضَائِهِ الْقِبْلَةَ مَا اسْتَطَاعَ–

“Мүмкүн болушунча дене-мүчөлөрүн кыбылага жүздөнтсүн!”.

Эгер: “Ихтилафтын көптүгүнөн риваяттардын ортосун ылайыкташтыруу мүмкүн болбогондо “изтираб” пайда болот. Бул жерде болсо биз аны ылайыкташтырышыбыз мүмкүн. Себеби, бүт риваяттарды ар түрдүү убакыттарда кылып жүрүү мүмкүн го!” деп айтылса, биз жооп иретинде айтабыз: көптөгөн риваяттарда كان  – “Каана” (“…кылат эле”) феъли (этиши) иштетилген. Логика илиминин адистери жана башкалардын пикиринде бул этиш бардык убакыттарда аткарылгандыгын билдирип келет. Ошондуктан алардын арасын ылайыкташтыруу мүмкүн болбойт.

Имам Аъзам Абу Ханифанын (рахимахуллах): “Эгер бир хадис менин сөзүмө терс болсо, менин сөзүмдү таштагыла да хадиске амал кылгыла!”, деген сөзүндөгү хадистен максат Имам Аъзамга (рахимахуллах) жетип келбеген хадис. Аны билбегендиги үчүн тескери фатва берген болуусу мүмкүн. Бирок, “ишаарату саббааба” хадиси андай эмес. Алар таанымал хадис болгондуктан, билбей калуусунун таптакыр ыктымалы жок.

Эгер: “Ханафий аалымдары “ишаарату саббааба” кылууга фатва беришкен го, бири-бирине карама-каршы эки жааттан да фатва жыйнактарындагы фатваларга амал кыла бериш мүмкүн”, делинсе, айтабыз: карама-каршылык жааиз жана жааиз эместик, адал жана арам жөнүндө болсо, таржих (кубатталган) жааиз эместик жана арам тарапка болот. Тагыраак айтканда, макрух же арам делинген “ишаарату саббаабаны” кылбоого фатва берилет.

Дагы, Шайх Ибн Хумамдын (рахимахуллах) айтуусуна караганда, “рафъи ядайн” (“эки колду көтөрүү”) маселесинде намазда такбири тахримадан башка абалдарда колдорду көтөрүү жана көтөрбөө жөнүндөгү хадистер бири-бирине каршы болгондугунан кыяска ылайык колдорду көтөрбөө жаатындагы хадистерди таржих кылабыз. Анткени намаз сукуунат (жымжырттык) жана викардын (айбаттуулук) үстүнө курулган. Бул сөз  ижмаъга ылайык матлуб (талап кылынган) жана маргуб (кызыктырылган). Бирок, Шайх Ибн Хумамдын (рахимахуллах): “Көптөгөн машайыхтардан “ишаарату саббааба” кылбоо жөнүндө айтылган риваятка (хадиске) жана дираятка (акыл-түшүнүккө) каршы!”, экендиги өтө таң каларлык. Ал кантип мужтахид аалымдарга наадандыкты таңуулайт? Алар шарияттын төртүнчү негизи болгон кыяска таянышкан. Ал ханафийлердин пикиринде “захиру мазхаб” жана “зохиру риваят”. Бул Шайхтын өзү  “куллатайн хадисин” (“Суу эки кулла (чоң суу куюлчу меш болуп, анын бирөөсүнө 204 кг суу баткан) өлчөмүнө жетсе нажас болбойт!”, деген хадисти) түрдүүчө риваяттардын көптүгү себептүү пайда болгон “изтираб” себебинен заъийф деген.

(Демек, “ишаарату саббааба” риваяттары да “изтирабдуу” болгондугунан заъийф саналуусу керек болчу).

(Имам Раббаний. Мактубат. 1-том. 312-мактуб (кат). – Дели: Муртазавий, 1873. – Б. 448-451.).

Жогорудагы хадис төрт сунанда (Абу Давуд, Термизий, Насаий жана Ибн Маажа) Ибн Умардан (разийаллоху анху) риваят кылынган. Ибн Хузайма менен Хаким да өз сахихтеринде риваят кылышкан.

А бирок, бул хадисти Имам Аъзам алган эмес. Себеби, “кулла” сөзү омоним (жазылуусу жана айтылуусу бирдей-окшош, бирок маанилери башка-башка болгон сөздөр) сөз түркүмдөрүнө кирет. Тагыраак атйканда, ал көзө, көзөчө маанисинде, суу сакталуучу меш маанисинде жана тоонун чокусу манилеринде келет. Демек мындай омоним болгон сөздөрдөн өкүм алуу кыйындашат. Себеби, кайсы маанисин этибарга алуу керектиги анык эмес. Ошондуктан бул хадиске амал кылынбай, таштап коюлган да, анык сөздөр менен келген хадистер далил катары алынган. Ишаарату саббааба жөнүндөгү хадистер да бири-бирине карама-каршы ар түрдүү абалдарда келген. Аларды бири-бирине айкалыштыруу да кыйын. Андыктан аны таштаган абзел.

Ишаарату саббааба кылбаш керек деп фатва берген муфтийлер:

Кыскасы, бир кездерде биздин журттардан – кадимки Маварауннахрдан жетилип чыккан муфтийлерден он үчү (13) ишаарату саббаабаны кылбаш жөнүндө фатвага мөөр басышкан! Бул фатва мөөрү менен бирге “Урват ул-вуска” аттуу китепте көрсөтүлгөн.

Хандыктар доорунда муфтий болгон ошол заттар  XIX кылымдын аягы XX кылымдын башында жашап өтүшкөн. Алардын аты-жөнүн бул жерде тааныштырып кетүүнү туура көрдүк:

1) Ходим ул-фукара, Казий ул-куззат мулла мир Бадруддин ибн Казий ул-куззат мулла мир Садруддин;

2) Мулла Абдулхамид кожо садру раис ибн мулла Абдулазиз кожо;

3) Мулла Абулфазл садри аълами Бухара ибн мулла мир Абдулваххаб;

4) Ахунд мулла Сиражуддин садр ибн казы мулла мир Зияуддин;

5) Мулла Мухаммад Бурханиддин муфтий судур ибн мулла Мухаммад Алим;

6) Мулла Сиражуддин мударрис муфтий ибн мулла Мухаммадшах;

7) Мулла Абдулмуъмин мударрис муфтий ибн мулла Абдулкарим;

8) Мулла мир Ахмад мударрис муфтий ибн Ахунд мулла Абдулхаким садр;

9) Мулла Баймухаммад муфтий мударрис ибн мулла Мухаммад Назар;

10) Кары мулла Юлдаш мударрис муфтий ибн мулла Мухаммад Азим;

11) Мулла мир Хамид мударрис муфтий ибн мулла Балта;

12) Мулла Мухаммад Сыдыккожо мударрис муфтий ибн мулла Абулхасан кожо мударрис;

13) Ажы мулла Инаятуллах мударрис муфтий ибн казы Мирза Караматуллах.

Ошондой эле ишаарату саббааба кылууну, негизинен шархтар көбүрөөк бекемдеген. Фикхий матн китептердин баарында манжалардын абалы мабсут-мабсута – бүгүлбөгөн жана жумулбаган абалда болот делинген.

Бул жерде фикхий матн китептер дегенде, жалпы матн китептери эмес, хазик-ишенимдүү илим-такыбада, фикх риваятта таанымал болгон улуу факихтерибиз жазган мухтасар –муътабар (кыска-нуска жана этибарлуу) китептер назарда тутулган. Алар: Абу Жаъфар Ат-Тахавий, Абулхасан Ал-Кархий, Хаким аш-шахид жана Ал-Кудурий сыяктуу улуу аалымдардын чыгармалары. Кийинки доордун аалымдары болсо 5 матн китептерин муътабар санашкан. Алар Бурхан уш-шариъа Махмуд ибн Ахмад ал-Махбубийдин (өлгөн.ж. 747х.) «Викаясы»,  Абул-Баракат Хафизуддин Абдуллах ибн Ахмад Ан-Насафийдин (өлгөн.ж. 710х.) «Канз уд-дакайики»,  Абул-Фазл Маждуддин Абдуллах ибн Махмуд ал-Мавсилийдин (өлгөн.ж.. 683х.) «Мухтары »,  Музаффар уд-дин Ахмад ибн Али Багдадийдин (өлгөн.ж. 694х.) «Мажмаъ ул-бахрайны» жана Ахмад ибн Мухаммад Ал-Кудурийдин (өлгөн.ж. 428х.) «Мухтасар» чыгармасы. Кадыр-барк, этибар жана атактуулук жаатынан «Викая», «Канз уд-дакайик» жана «Мухтасар ул-Кудурий» үчөө матн китеби катары таанылды.

Демек, фикхий истилах эрежебизде, шарх жана матн китептери бири-бирине каршы болуп калса, матндагы сөзгө амал кылынат.

Ошондуктан нечен кылымдардан бери Маварауннахр – биздин журттарда жашаган аалымдардын көпчүлүгү (дээрлик баары) ишаарату саббаабаны кылбоону абзел деп айтышкан. Аларды ээрчиген, аларды урмат кылган жалпы намазкөй мусулмандар болсо, жоопкерчиликти аларга таштап, ишаарату саббаабаны кылууну таштап коюшкан.

МУЗТАРИБ ХАДИС

Музтариб хадистин түшүндүрмөсү:

“Музтариб” сөзү сөздүктө “Изтираб” масдарынан (атоочунан) алынган исму мафъул бир иштин бузулганы жана мыйзамы изинен чыкканына далаалат кылат. “Изтираб” сөзүнүн өзү “чыдамсыздык”, “туруксуздук”, “тынчсыздык” сыяктуу маанилерди билдирип, деңиздин толкундоосу деген мааниде да колдонулат. Эгер деңиз буркан-шаркан түшүп, толкундап, тынчы бузулса “изтарабал бахру” деп айтылат.

“Мусталахул хадис” аалымдарынын түшүндүрмөсүндө: “Түрдүү жолдор менен риваят кылынган жана  кубаты тең болгон хадис музтариб болот”.

Музтариб хадис” түрдүү көрүнүштөрдө бир-бирине каршы, бир-бирине түртүлүп кетүүчү, арасын кошуп айкалыштыруу мүмкүнчүлүгү жок абалда риваят кылынган хадис. Бирок мына ушул риваяттардын баарынын кубаты ар тараптуу бирдей. Бирин экинчисинен өйдө коюп болбойт. Биринин ровийи (риваят кылуучусу) күчтүү, башкасыныкы заъийф (алсыз), таштап коёбуз деп айтууга болбойт. Хадис санадынын кубаты тең, бирок текстте түрдүүчөлүк жана карама-каршылык бар.

МУЗТАРИБДИН ШАРТТАРЫ

Назар салып карасак, музтариб хадистин түшүндүрмөсүнөн ачык болгондой, төмөнкү эки шарт жүзөгө келсе, хадис музтариб болот.

а) хадистин риваяттары бири-бирине карама-каршы болот. Алардын маанилеринин баарын бириктирип, айкалыштырып амал кылуу мүмкүн эмес;

б) риваяттардын баарынын кубаты тең болот. Бирин экинчисинен өйдө коюунун эч мүмкүнчүлүгү жок. Бирок риваяттардан бирин өйдө коюу мүмкүндүгү пайда болсо же риваяттарды өз ара маанилерин чогултуп, айкалыштыруу мүмкүндүгү болсо, мындай абалда хадистен музтариб деген сыпат кетет. Мындай учурда күчтүү деп табылган риваятка амал кылынат. Эгер маанилерин бириктирип чогултуу мүмкүн болсо, баарын жыйнап биротоло баарына амал кылынат.

МУЗТАРИБ ХАДИСТИН БӨЛҮКТӨРҮ

Музтариб хадис музтарибдик болгон жагынан экиге бөлүнөт: санады музтариб жана тексти музтариб.

Санады музтариб болуусу көбүрөөк учурайт.

Анын мисалы төмөнкү хадис:

حَدِيثُ أَبِي بَكْرٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّهُ قَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ (صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ), أَرَاكَ شِبْتَ, قَالَ: «شَيَّبَتْنِي هُودٌ وَ أَخَوَاتُهَا».

“Абу Бакр (разияллоху анху): “Эй Аллахтын элчиси, чачыңызга ак түшүптүр”,деди. Ал зат:“Чачымды Худ жана анын шериктери агартты”, – деп айтты”.

“Худ” сүрөсүндө жана ага окшогон бир канча сүрөлөрдө адамдын жүрөгүн титиретүүчү катуу эскертүү маанисиндеги аяттар келгендиги, аларда Кыяматтын сыпаттары айтылганы жана башка себептерден улам мына ушундай деп айтылган.

Имам Дарукутний айтат: “Мына ушул хадис музтариб болгон хадис. Анткени ал жалаң Абу Исхактын жолу менен гана риваят кылынган. Ал эми Абу Исхактын жолунда түрдүүчөлүк болуп, ал он түрдүү жолго айланып кеткен. Маселен, бул хадисти мурсал жол менен риваят кылгандар да бар, мавсул кылып (санады үзгүлтүксүз) риваят кылгандар да бар. Абу Бакр, Саъд, Айшанын муснадына кошкондор да бар. Мындай жолдор ондон ашып кеткен болсо да, алардын баарын алып каралса, ровийлери сико (ишеничтүү) адамдар. Алардын бирин күчтүү, экинчисин күчсүз деп болбойт. Аны менен бирге, риваяттарды кошуп чогултуп, бири-бирине айкалыштырып да болбойт. Мына ушул жааттан ушул хадис “музтарибус-санад” деп аталган”.

Тексти музтариб болгон хадиске мисал:

مَا رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ عَنْ شَرِيكٍ, عَنْ أَبِي حَمْزَةَ, عَنِ الشَّعْبِيِّ, عَنْ فَاطِمَةَ بِنْتِ قَيْسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهَا قَالَتْ: سُئِلَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ عَنِ الزَّكَاةِ, فَقَالَ: «إِنَّ فِي الْمَالِ لَحَقًّا سِوَى الزَّكَاةِ». وَ رَوَاهُ ابْنُ مَاجَه مِنْ هٰذَا الْوَجْهِ بِلَفْظٍ: «لَيْسَ فِي الْمَالِ حَقٌّ سِوَى الزَّكَاةِ».

Имам Термизий Шарийктен, ал Абу Хамзадан, ал Шаъбийден, ал Фатима бинти Кайстан (разияллоху анха) риваят кылып айтат: “Расуулуллахтан (соллаллоху алайхи ва саллам) зекет жөнүндө суралды. Ошондо ал зат:“Малда зекеттен башка да (берилүүчү) акы бар”, – деди”.Мына ушул эле хадисти Ибн Маажа дал ушул (санад) жол менен риваят кылган. Бирок анын текстинде: “Малда зекеттен башка (берилүүчү) акы жок”, – деп айтылган. 

МУЗТАРИБДИК КИМ ТАРАПТАН ДАЙЫН БОЛОТ?

Музтарибдик кээде бир ровийден дайын болуусу мүмкүн. Ал бир эле хадисти түрдүү жолдор менен риваят кылат.

Кээде болсо бир жамааттан да дайын болот. Мындан мына ушул жамааттын мүчөлөрүнөн ар бири хадисти өзүнө жараша жол менен риваят кылып, башкаларга хилаф (тескерилик) кылат.

МУЗТАРИБ ХАДИС ЗАЪИЙФ БОЛУУСУНУН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?

Ровийлердин забты (хадисти жаттоо жөндөмү) заъийф  болгондугунан, хадис музтариб болот. Хадистин санады же тексти өз-өзүнөн түрдүүчө болуп кетпейт. Андыктан, музтариб хадис заъийф хадистердин катарына кошулат.

Бул жаатта жазылган эң белгилүү китеп Ибн Хажардын “Муктариб фий баянил музтариб” болуп саналат.

Даярдаган: Абибилла ажы Кадырбердиев, Азирети Муфтийдин орун басары