«Жакшыга жанаш, жамандан адаш»

«Казанга жакын жүрсөң карасы жугат» демекчи, досуң булбул болсо, гүлгө барасың, карга болсо, сени  таштандыга алып барат. Буга жакшы менен жаман досторду мисал катары пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Жакшы дос менен жаман дос – жыпар ташыган киши менен көөрүк үйлөгөн киши сыяктуу. Жыпар ташыган киши же аны сага берет, же сен ал кишиден (жыпарды) сатып аласың, же болбосо жагымдуу жыт аласың. Көөрүк үйлөгөн киши болсо, же кийимдериңди күйгүзөт, же болбосо андан жагымсыз жыт келет» – деп айткан.

«Душман сүйдүрүп айтат, дос күйдүрүп айтат» демекчи, сиздин кемчиликтериңизди сизге күйгөндүктөн, оңдоо үчүн бетине айткан жакын досуңуздун сөздөрү оор сезилип, душмандын сүйдүрүп айткан сөздөрү жагымдуу угулуусу сизди чынчылдыктан тайдырбасын. «Адамдын бетине кемчиликтерин айтып тургандыгы үчүн досуң болсо, күзгүнүн кереги жок» деп айтылат. Ал эми аш десе алаң-булаң, иш десе ийри жылан боло калган досторубуз деле жок эмес. Ошол себептен Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Бир гана момун менен дос бол! Тамагыңды да бир гана такыба ээси болгон киши жесин» – деп айткан.

Ал үчүн «саламга жараша алик» дегендей, өзүңүз да жакшы адам болууга аракет кылууңуз керек. Мына ошондо жаныңызда момун досторуңуз көбөйөт. «Жүз сомуң болгуча жүз досуң болсун». Анткени бул жашоодо миң досуң болсо да аздык кылат, бир душманың болсо да көптүк кылат.

Адам айсберг сыяктуу болуп билинбеген, көзгө көрүнбөгөн тарабы көп болот. Кээ бир достор бар көлөкө сыяктуу, күн сиз тараптан чыккан учурда ар дайым жаныңызда болуп, иштериңиз жүрүшпөй, алсыз абалга келгениңизде күн батканда жок болгондой качышат. Ал эми сиз байкабаган досторуңуз болсо, күндүзү көрүнбөй, түнү жаркыраган жылдыздар сыяктуу пайда болот.

Кемчилиги жок дос издеген дос таба албайт. Ошондуктан, адамдарга жакшы мамиледе болуп, баары менен дос болууга аракет кылыңыз, пайдасы тийбесе да, душман болуп зыяны тийбесин.

Ал эми «иттердин достугу араларына сөөк ташталганга чейин» деп айтылат. Азыркы учурда бул көрүнүш адамдардын арасында да кездешүүдө. Баарыбызды Аллахым түз жолунан адаштырбай, жакшы адамдарга туш кылып, жамандардын бузукулуктарынан сактасын.

Даярдаган: Алибек Акпарали уулу, Ош шаардык мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси