Ошто конфессиялар жана этностор аралык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү (фото)

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарындагы «Sun Rise Osh» мейманканасынын жыйындар залында Ош шаары жана Ош облусу боюнча конфессиялар жана этностор аралык кеңештин кезектеги жыйыны болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, «Мутакалим» прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы, Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов, диний окуу жайлардын мүдүрлөрү жана кеңештин мүчөлөрү катышты.

Аталган жыйындын алкагында 2022-жылы конфессиялар жана этностор аралык кеңештин өткөргөн иштери боюнча маалымат берилди.

Андан соң жыйындын катышуучулары топторго бөлүнүп, «2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө» өздөрүнүн түшүнүктөрүн баяндап беришти.